Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.07.2018 17:58 На русском

«Мекендештер»: 14 өлкөнү кыдырган 28 жаштагы К.Өмүрбеков өзүнө жаккан шаарлардын биринде иштеп жатат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Темир-Канат айылынын 28 жаштагы тургуну Кутман Өмүрбеков 14 өлкөнү кыдырууга жетишип, учурда Япониянын Токио шаарындагы мейманканада конокторду бөлмөлөргө жайгаштыруучу болуп эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы мекендешибизден кабар алды.

К.Өмүрбеков 2 миң доллардан ашык айлык маяна алат. Ал 2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетине тапшырып, англис тили боюнча мугалим жана котормочу кесибине ээ болгон. Бала кезинен чет тилдерди үйрөнүүгө кызыккан каарманыбыз окуу жайда кошумча немис тилин да үйрөнүп чыккан. Учурда өз алдынча түрк тилин үйрөнүп жатат.

«Араб тилин да үйрөнүүнү пландап жатам. Чет өлкөлөргө болгон саякатым 2011-жылы башталды. 3-курста окуп жүргөндө программа аркылуу Американын Колорадо штатындагы Денвер шаарына 3 жылга тажрыйба топтоого бардым. Ушул эле жылы Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай, Катар жана Шаржа шаарларында да тажрыйба топтоп, иштеп келдим. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Американын Бишкек шаарындагы аскер базасында окуумду бүткүчө котормочу болуп иштедим. Окуу жайды бүткөндөн кийин кандидаттык диссертация жазууну чечтим. Илимий жетекчим менен сүйлөшүп, бул иш боюнча 7-8 ай жүрдүм. Бирок ал кезде Европага барып иштеп келсем деген каалоом бар эле. Бактыма жараша Европага виза аркылуу бардым. Жыйынтыгында илимий ишимди жетекчим менен сүйлөшүп, токтотуп турууга туура келди. Албетте анын дүйнө таанымы кенен болгону үчүн мени ар дайым колдоп келди. Мен агайыма терең ыраазычылыгымды айтам.

2016-жылы Европага болгон сапарым башталды. Башында Европа өлкөлөрүнүн ичинен Литва, Латвия, Польша, Германия, Швецияны кыдырып, Швецияда иштөөнү чечтим. Швеция өлкөсүндө 1,5 жылдай түркиялыктардын фирмасында буйрутма алуу жана буйрутмаларды жеткирүү боюнча иштедим. Канададагы окуу жайга магистратурага тапшырып, татыктуу билим алсам деп аракет кылып жүрөм. Азыркы учурда Япония өлкөсүндө эл-жер көрүп жана Канадага окууга берилүүчү визамды күтүп жатам. Ошондой эле мейманканада эмгектенүүдөмүн», - деди ал.

Кыргызстандай жаратылышы кооз, абасы, суусу таза өлкөнү көрбөгөнүн айткан К.Өмүрбеков өзү кыдырган мамлекеттер тууралуу айтып берди.

«Биздин элибизде "туулган жердин топурагы алтын" деген жакшы макал бар. Канча өлкөгө барсам дагы Кыргызстандай өлкөнү көргөн жокмун. Абасынын тазалыгы боюнча Швеция өлкөсү менен Денвер шаары тең келет ойлойм. Негизинен дүйнө эли түрк ашканасы даамдуу дешет. Бирок түрктөр өздөрү кыргыздын тамагы, балы, суусу жаратылышы эң жакшы экенин көп айтышат. Европа өлкөлөрүн кыдырып жүргөндө кичинекей баланын айтканы эсимден кетпейт. Ал мага "хай мистер чайна" деп кайрылып, элди күлдүргөн эле. Мен барган өлкөлөрдөн Россия, Түркия, Европа өлкөлөрүндө, Дубайда жана Чикагодо кыргыздар көп экен. Кайсы өлкөгө барбайын кыргызымдан, кыргызымдын каада-салтынан, кыргызымдын тарбиясынан айланайын деп жүрдүм. Анткени биздин элибиз кичи пейил, меймандос, улууга урмат, кичүүгө ызаат кылган элдерден. Бардык өлкөлөрдүн ичинен Америка Кошмо Штаттары, Швеция, Япония жакты. Алардын элинин жаратылышка кылган аяр мамилеси мага жакшы сезимдерди калтырды. Ушул эле өлкөлөр таштандылардан кайра керектүү нерселерди өндүрүп чыгат экен», - деди ал.

Ал жаңы жумушка орношкондо мейманкананын ээсин көрүп таң калган.

«Америкага белек катары ак калпак ала баргам. Мени украиналык жигит мейманкананын менеджери менен жолуктурууга алып барды. Жыртык кийимчен, анысы да кир, сакалы өскөн кишинин жанына келдик. Мен андан мистер Девит Тул менен жолуктуруп коюуну өтүндүм. Алар мени карап бир топко күлүштү. Мен менеджерди чыкыйган костюм-шым кийген адам элестеткем. Ага ак калпакты белекке берсем, абдан жактырды. Ал мен Америкадан кеткенге чейин калпакты таза жана бийик жерде баалуу буюмдардын арасында сактап жүргөнүн көрсөттү. Биздин швед жетекчибиз да эски кийимдерди эле кийип жүрчү. Ал "мен элден өзгөчөлөнгүм келбейт, элдин катарында гана жашагым келет" деп күлүп калчу.

Чет өлкөлөргө чыккан сайын англис тилиндеги китептерди сатып алам. Бош убакытты ал китептерди окуу менен өткөрөм. Ден соолукту бекемдөө максатында спорт залдарга барам. Ошондой эле үйрөнгөн жана үйрөнүп жаткан тилдерди өнүктүрүүгө аракет кылам. Тарыхта аты калган адамдардын өмүр баяндарын, кылган иштерин окуганды да жакшы көрөм. Келечекте элдин аярлуу катмарына пайдам тийген адам болсом экен деп тиленем. Ушул тилегимдин негизинде Кыргызстанда уникалдуу операцияларды жасаган оорукана курууну кыялданам. Бул кыялым ишке ашканда ооруканада дарылануу 100% акысыз болот», - деди ал.

Кутман Өмүрбековдун айтымында, атасы Мусаев Өмүрбек кесиби боюнча орус тилчи. Өз убагында райондук кызматтарда иштеп жүрүп, азыр ардактуу эс алууда. Апасы Абдиева Суйеркан Токушовна кесиби боюнча математика мугалими. 30 жылга жакын Кулуке Тилеков орто мектебинде иштеп жүрүп, пенсияга чыкты. Ал «Эл агартуунун отличниги» наамынын ээси. Алар 4 уулга татыктуу тарбия берип, баары жогорку билимдин ээси болушту.

«Бала кезимде уйкуну аябай жакшы көрчү элем. Эртең менен атам ойготпостон төшөгүм менен кошо көтөрүп барып, жылуу мештин артына жыткырып койчу эле.

4-5 жашымда айылда Нооруз майрамы белгиленди. Ар бир үй боз үй тигип, ушул тойго даярданып жүрүп, кеч кирип кетти. Эрте жаз, жазгы сугат учуру, арык-сайдын баары сууга толгон. Ушул түндө келе жатканда энекем мени жонуна көтөрүп, сайды кечип өткөнү эсимден кетпейт. Эстеген сайын жүрөгүм ооруп кетет. Жакынкы жылдары ата-энемди дүйнөнү кыдыртып, саякатка алып чыгууну пландап жүрөм. Ата-энем жаман сөз айтып урушпай, туура кеп-кеңешин берип өстүрдү. Мен ата-энеме чексиз ыраазымын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×