12-июлда абанын температурасы +38 градуска жетет

Turmush - Эртең, 12-июлда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн +19... +24
күндүз +30... +35
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн +13... +18
күндүз +29... +34
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +19... +24
күндүз +33... +38
Баткен облусунда
түнкүсүн +20... +25
күндүз +33... +38
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +12... +17
күндүз +23... +28
Нарын облусунда
түнкүсүн +10... +15
күндүз +24... +29
Бишкек шаарында 12-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +22...+24 градус, күндүз +33...+35 градус болот.
Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +22...+24 градус, күндүз +36...+38 градус болот.