Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Ош шаарынын мэри кызматына жалгыз талапкер кыргыз тилинен сынак тапшырат

Turmush -  Ош шаарынын мэри кызматына Таалайбек Сарыбашов жалгыз талапкер болуп катталды. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу кечээ, 10-июлда саат 18:00дө аяктаган, деп билдирди БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров.

Анын айтымында, бүгүн, 11-июлда саат 16:00дө Сарыбашов кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча сынак тапшырат.

Т.Сарыбашов

А 18

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга белгиленген болчу. Ал эми мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаев Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

9-июлда Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция чогулуп, Ош шаарынын мэри кызматына Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин бир добуштан колдогон болчу.

Мэрди шайлай турган шаардык кеңеште 6 фракция, 45 депутат бар. Ал эми көпчүлүк коалиция КСДП, «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан» фракцияларынан түзүлүп, 27 эл өкүлү кирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 601
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×