Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн фермерлери күндүн энергиясы менен как кургата башташты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы 20 айылда түзүлгөн атайын фермердик топторго күндүн энергиясы аркылуу как кургата турган жабдыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, электр жабдыктардын жалпы баасы 33 миң 500 сомду түздү.

«Бул жабдыктын жардамы менен бардык түшүмдөн как жасап алабыз. Бул аппарат менен мөмө-жемиштер таза кургатылат. Буга чейин айылда электр энергиясы менен иштеген аппараттар бар. Бирок электр жарыгы өчсө, иш үзгүлтүккө учурап калчу. Андан чыгаша да көп болот. Ал эми бул жабдык күндүн энергиясы менен иштегендиктен бизге абдан пайдалуу болууда», - деп билдиришти фермерлер.

«АВЕП» коомдук фондунун өкүлү Н.Токоновдун айтымында, ар бир фермердик топ быйыл 1 тонна как даярдайт.

«Даяр болгон кактарды сатуу боюнча бизнес пландар да бар. Кээ бири кактарды эс алуу жайларына сатса, айрымдары элеттеги мектептер менен келишим түзүп иштешет. Ал эми мындай жабдыктарга кызыккан адамдарга аны жасоо боюнча даярдалган колдонмолор бекер таратылууда», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 403
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×