Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Талас

Айыл турмушу: Манастык машыктыруучу С.Кушубек уулу айылында спортту өнүктүрүү үчүн 1 жыл акы албай иштеген (фото)

Turmush -  Манас районунун Кайыңды айылынын 25 жаштагы тургуну Сагындык Кушубек уулу айылында спортту өнүктүрүү үчүн 1 жыл эмгек акы албай иштеген. Аймактык кабарчы машыктыруучудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кыргыз мамлекеттик спорт жана дене тарбия академиясынын окутуучу бөлүмүн аяктаган.

«Спортту тандаганыма улуттук күрөш түрткү болгон. Башында 66 кг салмактагылар арасында күрөшө баштагам. Айылда тойлордо оюндарга чыгып, байге алчумун. Бишкекте окуп жүргөндө 96 кг чейин күрөштүм. Окуу жайды аяктап келген соң балдарды чогултуп алып, 1 жыл акысыз иштегем. 2017-жылдын аягынан баштап, айылдагы жаш өспүрүмдөрдүн спорт мектебине жумушка кирдим. Айылыбызда спорт зал жок болгондуктан маданият үйүнүн жарымын сурап алып, ошол жакта машыктырып иштейбиз. Учурда ашар жолу менен спорт залдын пайдубалы курулуп жатат. Спортко кызыккан балдар кышта суукка дагы карабай чогулушат. Учурда 36 бала такай келет. Анын ичинен 10 окуучум кыргыз күрөшү менен машыгат. Балдарымдын арасында Кыргызстандын чемпиондору бар. Келечекте дүйнөлүк оюндарга чейин чыккандары болсо экен деген үмүтүм бар», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар жумушундагы кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Оюнда салмак кууган күндөр болот. Оюнга мынча күн калды дегенде диета кармайсың. Эркек адам үчүн бул кыйын нерсе. Ушунча аракет кылып, утам деп барып утулуп калсаң ыйлайсың (күлүп).

Өзүң оюнга чыкканга караганда окуучуларың оюнга катышканда өзгөчө толкундануу болот экен. Бир мелдешке балдарымды алып барып, күрөшкө түшүп жатышкан. Өзүм четте туруп аларга колдоо көрсөтүп, «бул жерден мындай кыл» деп айтып жаткам. Ал учурду башка окуучуларым видеого тартып алган экен. Кийин көрсөтүшсө көпкө чейин күлгөнбүз. Абдан берилип кеткенимди өзүм дагы билбей калыптырмын», - деди ал.

Машыктыруучу жубайы экөө 2 баланы тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 472
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×