Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуПанфилов району 11.07.2018 11:29

Жаш талант: Мушкер А.Мукашев эл аралык мелдеште 1-орунду багындырды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Киров айылынын 17 жаштагы тургуну Айдарбек Мукашев 4 жылдан бери кикбоксинг, бирма боксу, тай бокс жана эрежесиз эр мушташ менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 6-классымдан бери спорт менен машыгып келем. Күндүз мектептен келгенден кийин үйдө ата-энеме жардам берип, мал тейлеп, кечинде айылдагы спорт залга барып машыгып турам. Жакында эле Ысык-Көл облусунда өткөн эл аралык мелдеште бирма боксу боюнча биринчи орунду багындырып алдым. Анда 55 салмакта чыгып, чемпион болдум. Мындан мурун да көптөгөн мелдештерге катышып келгем. Жалпы 4 коло, 4 күмүш, 5 алтын медалым бар», - деди ал.

Айдарбек Мукашев: «Бул окуя эч эсимден кетпейт. Менимче көпкө чейин эстеп жүрсөм керек. Бишкектеги спорттук клубдун бир спортчусу менен мелдешке чыккам. Калыстар тобунда анын тааныштары экен. Негизи мелдеште 3 раунд бар. Мен аны 3 раундда теӊ жеӊип чыксам да, калыстар тобу 4-5-раунд беришти. Менин бети-башым көк ала жана жеӊилип калчудай болуп калсам да, аягына чейин көгөрүп мушташа бердим. Калыстар тобу тиги балага аябай жан тартышты. Акырында залдагы көрөрмандар кыйкырып ызы-чуу салып жиберишкенде, айла жок мага жеӊишти беришкен», - деп кошумчалады.

Айдарбек Мукашев 2001-жылы Панфилов районунун Киров айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусумун. Менден кийинки иним да спорт менен машыгат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×