Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Талас облусуТалас району 11.07.2018 12:17

Бала тили — бал: Базарга барып, ар нерсе сатып алганды жакшы көрөм, - 5 жаштагы Аделин (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз Талас районунун Көк-Токой айылында жашаган 5 жаштагы Аделина Мырзабекова.

- Аделин, кимдин кызысың?

- Кеша атамдын (атасы Кенжебек)

- Апаңдын аты ким?

- Дамра (Дамира).

- Бала бакчага барасыңбы?

- Ооба баротам.

- Көбүнчө эмне кылганды жакшы көрөсүң?

- Апам менен базарга барып, ар нерсе сатып алып кыдырганды жакшы көрөм.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Бийбейм.

- Мектепке качан барасың?

- Чоңойгондо барам.

- Сабактардан канча аласың?

- Бес алам.

- Үйдө эмне кыласың?

- Асса апчемдин телефону менен ойногонду жакшы көрөм. Бирок ойноп жатканымды көрүп урушуп телефонун алып коёт. (Асса — Азиза эжеси).

- Канча бир туугансың?

- Асиса апчем бар, Акылбек байкем, анан Аэлита апчем, Аяна бар.

- Аяна сен менен теңби?

- Жок улуу.

- Анан неге сен дейсиң?

- Ал менден бир эле жаш улуу да.

- Апчеңдерден кимиси жакшы?

- Асиса апчем жагат.

- Эмнеге жагат?

- Ал мага Москвадан көйнөк, шлёпка анан толтура сонун кийимдерди алып келип берет.

- Бардыгынан да эң жакшы көргөн нерсең эмне?

- Атам, апам, байкем анан апчелерим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×