Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Чүй

Жаш талант: А.Кабаев эркин күрөш боюнча Кемин районунун бир нече жолку чемпиону болгон (фото)

Turmush -  Эркин күрөш боюнча Кемин районунун бир нече жолку чемпиону Азамат Кабаев менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, спорт менен машыккан досторун көрүп, алардан таасирленип, күрөш менен алектенип калган.

«Мен 2001-жылы Чым-Коргон айылында төрөлгөм. Досторумдун баары спорт менен машыгышат. Аларды көрүп, мен да турнирлерге катышып, жакшы орундарга ээ болгум келчү. Досторумдун жана агайымдын аркасы менен 3 жыл мурун спортко келгем. Кеминде болгон көптөгөн турнирлерге катышып, эркин күрөш боюнча 3 жолку чемпион жана 4 жолку призёр болдум. Ошондой эле кыргыз күрөш боюнча Кеминдин 1 жолку чемпиону болуп, Арашанда, Прогресс айылында болгон турнирлерде 2-орунду элегем. Тегирментиде өткөн турнирде 3-орунду багындырып, белектерге ээ болгом.

Кумир туткан спортчум — Бувайсар Сайтиев. Анын техникасы, күрөштө жараткан ийгиликтери мени кызыктырат. Келечекте ал сымал Кыргызстанымдын желегин желбиреткен мыкты спортчу болууну кыялданам», - деди ал.

А.Кабайев агайы Азамат Султанов дайыма мотивация берерин кошумчалады.

«Агайым Азамат Султанов дайыма "Күрөшөрдө коркпо, ал деле сендей болгон бала, керек болсо сен андан көп эсе күчтүүсүң. Ушунча жыл бекер машыктыңбы? Утасың! Кана чык да, утуп кел!" деп айтат. Анын мага айткан сөздөрү бир гана спортто эмес, жашоодо да күчтүү мотивация берет. Жаш балдардын баары бош убагын спортко арнап, көп ийгиликтерди жаратса дейм», - деди спортчу.

Анын 3 эжеси жана 1 карындашы бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 430
Көп окулду
×