Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 29.07.2018 12:35

«Жеңеке»: В.Собурбекова жаңы келин болгондо самоордогу кайнак сууга күйүп калган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Аксы районунун Таш-Көмүр айылында өскөн 32 жаштагы Венера Собурбекова. Ал жаңы келин болуп барганда самоордогу кайнак сууга күйүп калган. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

В.Собурбекова 24 жашында Ош облусунун Куршаб айылынын тургуну Жодар Бекмуратовго турмушка чыккан. Учурда жолдошу менен Москва шаарында жашап жатышат. Ал 2005-жылы бир туугандарынын чакыруусу менен Москвага барып, эл аралык институтка тапшырган. Жолдошу экөө социалдык түйүн аркылуу таанышып калышкан.

«Мурда кантип эле интернеттен таанышып, үйлөнүп алышат деп ойлочумун. Көрсө андай деле болот экен. Менимче азыр көбү эле интернеттен таанышып жатат. Ошол кезде жаңы жылдан кийинки эс алууда байкемдин үйүндө болчумун. Мен институтка төлөнүүчү акчаны жеткиргени барсам, жолдошум да медициналык китепчесин узартканы барып калды. Ошентип экөөбүз жолугуп калдык. 9 ай кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин үйлөнүү тууралуу сунуш киргизди. Кыргызстанга барып, мени ата-энемдин үйүнөн алып кетти. Ал эми 3 күндөн кийин Оштогу тойканада үлпөт тоюбуз өткөн. Жолдошум мага жакшы жар, балдарыма жакшы ата. Атасынын балдарды катуу урушпаганын колдойм. Өзүм балдарды катуу кармайм», - деди ал.

Анын айтымында, жаңы келин болгондо кайнак сууга күйүп калып, кайненеси жардам берген.

«Тойдон кийин келин 3 күн үйдөн чыкпай отурат экен. Андан кийин жумушка аралашып, тамак жасап баштайт. Жаңы эле жумуш жасап баштаганда кайнак сууга күйүп калгам. Тамак жасап жатсам, самоордун оозу ачылып, кайнак суу мага вулкандай болуп атылып кеткен. Кыйкырып сыртка чуркап чыксам, кайненем бар экен. Мени көрүп чуркап келе калып, көйнөгүмдү чечип баштады. Мен болсо тырышып, чечким келген жок. Себеби жакын жерде кайнагам бар болчу, андан уялдым. Апам болбой эле көйнөгүмдү чечип, күйгөн жериме май сүйкөп берди. Кайнагам тескери карап, үйдү айланып басып кеткен экен. Эртеси ооруканага барып, күйгөн жерлеримди таңдырып келдим. Оң колум, оң тарабым күйгөн. Сол колум менен тамак жей албай жүрдүм. Күйүп калганда жеңем "бул үйгө келген келин күйүп, анан келин болот, менин да бутум күйгөн" деп күлгөн эле. Аңгыча эмгек өргүүбүз бүтүп, келиндик милдетимди аткара албай калдым.

Россияда медицина күчтүү экен. Жарандыгыбыз аталган өлкөнүкү болгондуктан камсыздандыруучу документ менен Москвадагы ооруканада дарыланып, айыгып кеттим. Кайненеме абдан ыраазы болдум. Жардам берип, көйнөгүмдү эрте чечпегенде акыбалым башкача болмок. Кайненем өзү жакшы, сабырдуу аял. Ал жоктон бар кылып, сонун тамак жасап коёт. Апамдан бул сапатты үйрөндүм. Биз насыяга алган үйдүн акчасын төлөп бүткөнчө 9 айлык баламды багып, чоң жардам берди. Кайненем баланы абдан жакшы карайт. Эркек небересин өзгөчө жакшы көрүп, каалаганын аткарат. Мен баламды урушсам, апам мени урушуп салчу», - деди ал.

Учурда сулуулук салондо иштегенин айткан жеңеке бош убакта кол өнөрчүлүк менен алек. Өзү каржы тармагында билим алганы менен айлыктын аздыгынан улам сулуулук салондо эмгектенет.

«Сүрөт тартканды жакшы көрөм. Салондо иштеп жатканыма 3 жыл болуп калды. Кээде көңүлүм келгенде өзүбүздүн кийилбей калган кийимдерден балдарыма кийим тигип берем. Кичинекей кезимде өзүмө кийип тигип алчумун. Өзүм музыка угуп, суунун боюнда отурганды жакшы көрөм. Учурда жашап жаткан жерибиздин жанында дарыя бар, кээде анын жээгине барып отурам. Үйдө жалгыз болгондо комуз чертип ырдайм. Мектепте окуп жүргөндө Гүлнур Асанова менен ырдап, домбра, комуз чертип фестивалдарга катышчубуз. Келечекте балдарыма үлгүлүү апа болуп, татыктуу тарбия берсем деген максаттарым бар. Ошондой эле ата-энелерибизге жардам берип, аларды ыраазы кылууну максат кылабыз», - деди ал.

В.Собурбекова жолдошу экөө 1 уул жана 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×