Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 11.07.2018 10:20

Кочкордун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болгон Т.Турдубеков кызматына киришти

Turmush -  Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылык кызматына шайланган Турдубеков Тилек Рысбекович кызматына киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Өмүр баяны:

Т.Турдубеков 1983-жылы Кара-Суу айылында туулган.

Билими:

Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебин ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алып, экономист адистигин алган. 2008-2010-жылдары С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде окуп, экономист-бухгалтер кесибин алган.

Эмгек жолу:

2009-2010-жылдары райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында, депутаттардын Кочкор райондук кеңешинде жетектөөчү адис болуп иштеген. 2011-2015-жылдары райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда башкы эсепчи, АРИСтин Кочкор району боюнча эксперти болуп эмгектенген. Ошондой эле Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты болгон.

Үй-бүлөлүү, беш баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×