Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 11.07.2018 10:02

Тарых инсаны: Суусамырдан чыккан Кожомкул балбандын баласы эмнеден каза болгон? (фото)

Turmush -  Каба уулу Кожомкул 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү Сегизинчи Март айылында кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын боюнун узундугу 1 метр 97 см, салмагы 164 кг, бутунун узундугу 52 см болсо, колунун манжаларынын узундугу 26 см болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Урматбек Эркегулов айтып берди.

«Кожомкул Суусамырдан чыккан балбан болгон. Сегизинчи Март айылы Кожомкулдун атынан Кожомкул айылы деп аталып калган. Ал айылда Кожомкул балбандын күмбөзү, музейи жана көтөргөн таштары унутта калбасын деп сакталып турат. Кожомкул Каба уулу 1888-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын ата-энесинин турмушу начар болгондуктан, Кожомкулду 12 жашынан тартып байларга малайлыкка берет. Ал кичинесинен Ибак, Чопгут деген байлардын коюн багып чоңоет. 17 жашка келгенде койду таштап, байлардын жылкысын кайтарууга өтөт. Ошол убакта Кожомкул өзү теңдүү балдардан беш-алтоону жалгыз жыкчу. Анын салмагы 164 кг, боюнун узундугу 1 метр 97 см, колунун манжаларынын узундугу 26 см. Бутунун узундугу 52 см болгондуктан хром өтүктү убарачылык менен тиктирип беришиптир. Бирок хром өтүктү Кожомкул көпкө кие албаптыр. Анткени, Суусамырга Ак-Суу ашуусун ашмакчы болуп келе жатса, кербенчилердин төөлөрү жолдон өтө албай ташта тыгылып турган болот. Кожомкул ал ташты түртүп отуруп, бир аз жерге жылдырып барат да жолдун четине жакындаганда 5-6 киши жабыла ташты төмөн кулатышкан экен. Чекесинен терин сүртүп, Кожомкул атына минейин десе эле бутундагы хром өтүгү ыдырап кеткен болот.

Бир жылы кетмен-төбөлүк бир бай Суусамырда чоң той берип, ал тойго Кожомкул жолдошторун ээрчитип барат. Көп кишилер менен кымыз ичип, дөбөдө отурган манап Кожомкулга "Жигит сени балбан дешет, балбандыгың чын болсо, тетиги желеде турган азоо тайлардын бирин биз отурган жерге чейин көтөрүп келчи. Сенин балбандыгыңды эл көрсүн" дейт. Кожомкул желеге шашпай басып барып, бир тайды чап кармап, козуча көтөрүп, дөбөдө отурган элдерге чейин алып барган экен. Андан кийин да Райымбек деген болуш Кетмен-Төбөдө той берерин Кожомкул угуп, ат минип алып жөнөйт. Чабал ат минип алган Кожомкулдун жылкысы кардын калың күрткүсүнөн баса албай, аны дагы көтөрүп 100 мерче жерди басып өткөн», - деди ал.

Кожомкул балбан кызматта да иштеген. 1921-жылдан 1929-жылга чейин Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы, 1929-жылдан 1949-жылга чейин Суусамыр айылынын төрагасы, 1950-жылдан 1955-жылга чейин «Сокулук-Жеңиш» колхозунун кой фермасынын башчысы болгон.

«Суусамырда Ажыкан деген өзү теңдүүлөр менен күрөшүп жүргөн балбан болгон. Ал кишинин небереси мени менен бирге окугам. Үйүнө көп барып жүрчү элем. Кожомкул балбан тууралуу ал кишинин өз оозунан уккан элем.

Бир жолу Ой-Кайың деген жайлоодо Кожомкул ат минип кетип бара жатса Ажыкан атына жанашып, "эңишесизби, күрөшөсүзбү?" деп этегинен тартып үзөңгүгө басып сүйрөткөн. "Кой балам" десе болбой тийишкен экен. Ой-Кайың суусунун жээгине жеткенде тамактаналы деп отуруп калышат. Ажыкан кылган кылмышын унутуп Кожомкулдун маңдайына отуруп калат. Ошондо Кожомкул Ажыканды чекесинен карыштап оң колу менен эки чыкыйын бириктирип кармаганда, жарык күйүп өчкөндөй болуп, эч нерсе билбей, 40 күн суу ичип араң айыккан экен. Анын Чаргымбай деген досунун көзү өтүп кеткенде күмбөзүн тургузуп жатып, баткак менен эки колун кулачтап, төбөсүнө колун чаап, изин эстеликке түшүрүп койгон. Анын жанына тоонун боорунан чектирип таш көтөрүп келген», - деди ал.

Кожомкул көтөргөн таштардын өлчөмү:
- Түп жагынын жоондугу 1 метр 89 см;
- Ортосунун узундугу 1 метр 70 см;
- Уч жагынын узундугу 1 метр 60 см;
- Таштын бийиктиги 1 метр 60 см болгон.

«Анын эң кичүү уулу 1953-жылы төрөлгөн. Ал дагы атасын тартып Индияда дүйнөлүк күрөштө 1-орунду алып келген. Көп өтпөй эле Фрунзе шаарындагы Комсомол көлүнө түшүп жатып, тарамышы түйүлүп чөгүп кеткен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×