Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 11.07.2018 09:40 На русском

Таласта 14 жаштагы кыз үй-бүлөсү менен эс алуу учурунда сууга чөгүп каза болду

Turmush -  Кечээ, 10-июлда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Нылды көлүнө чөгүп каза болгон Миргүл (аты өзгөртүлдү) Бакай-Ата районундагы айылдардын биринин 14 жаштагы тургуну болчу. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, ал көлгө үй-бүлөсүндөгү 4 адам менен келген. Башка адамдарга кошулуп эле сууга түшүү үчүн жээкте жүргөн. Суунун жээги терең болгондуктан чөгүп кеткен. Ата-энеси эч кимге доосу жок экендигин билдирген.

Ал эми мугалимдеринин айтымында, Миргүл (аты өзгөртүлдү) мектепте ал адыңкы окуучулардан болгон. Сабактарынын бардыгын 5 деген баага окуп, мектептеги иш-чараларга активдүү катышчу. Чыгармачылык менен алектенип ырларды жазчу. Миргүл быйыл Ынтымак айылындагы Э.Капалов атындагы орто мектебинде 7-классты аяктаган.

Окуя тууралуу:

Кечээ ӨКМ Талас районунун Көк-Ой айылындагы Нылды көлүнө 15 жаштагы кыз чөгүп каза болгондугун билдирген.

Маалыматка караганда, кырсык саат 12:30 чамасында болгон. Издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин Талас шаардык №17 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар жеткенге чейин кыздын жансыз денесин туугандары алып кетишкен.

Ал эми милициянын маалыматына караганда, Талас РИИБге бул кырсык жөнүндө билдирүү түшкөн эмес.

Өздүк булактардын айтымында, сууга чөккөн кыз чоң адамдардын карамагында эле жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×