Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Цыган аялдын махабаты: Бизде сүйүшүп гана турмуш курушат, алар ажырашпайт

Turmush -  Жайдын ысык аптабында Ош шаарындагы жаңы көпүрөнүн алдында жаш баласын кучактап отурган лөлү тектүү аялды көпчүлүк катардагы тилемчи катары гана көрүп өтүп кетишет. Ал аялдын жан дүйнөсүндөгү оргуштаган сезимдер, кайгы-кубанычтар эч кимди кызыктырбайт. Бирок лөлү аял сүйүүсүн айтып жатканда көздөрү жайнап, жүзүнө жылмаюу келип, балдарын айтып жатканда көзүнө жаш тегеренип отурду.

Женщина-цыганка

Turmush басылмасынын кабарчысына өзүн Айнура деп тааныштырган каарманыбыз 37 жашта. Үч уулу, эки кызы бар жана учурда 5 айлык кош бойлуу. Колундагы уулу Мухаммад 3 жашта.

«Балдарымды тилемчи кылбадым, бирок мектепте да окутбадым. Араң багып жатам, мектептин чыгашасын таба албадык. Колумдагы баламды бала бакчага берсем, тамактарына көнө албай ооруп калды. Эки күндөн кийин чыгарып алдым», - дейт ал.

Айнураны күйөөсү сүйүп калып ала качып кеткен.

«Бизде сүйүшүп гана турмуш курушат. Жактырбаса кантип жашашмак эле. Кызымды да жактырып жүргөн жигитине бердик. Өзбектерге кыздарыбызды бербейбиз, бирок өзбек келин алабыз», - дейт Айнура.

Ал тилемчиликти уят деп эсептебейт.

«Күйөөм "ырыскыны Кудай берет, төрөй бер" деп айтат. Баарыбыз эле илгертеден тилемчилик кылганбыз, алган садаганы кудайдан деп түшүнөбүз. Лөлүлөрдүн сүйүүсү күчтүү болот, ошондуктан ажырашпайт. Таарынып энемдин үйүнө кетсем, эртеси эле күйөөм алып кетет. Лөлүлөрдүн эркектери иштебейт деген бекер сөз, күйөөлөрүбүз үйдү оңдоо иштерин жасайт, кыш куюп иштешет. Тапкан акчама үйгө нан, картошка, май алам. Акча топтоп, күйөөлөрүбүз үчүн кийим алып жасанабыз. Эртең Бишкекке күйөөмдүн жанына кетем. Бүгүн чачымды боёгонго даярданып жатам», - дейт Айнура.

Ал ортодо көп убакытка сүйлөшүп отура албайм, сени көрүп адамдар өтүп кетип жатат, деп жиндене баштады.

«Мен ысырык салып (аластап — ред.), темир чогултуп чуркап иштей албайм. Ал үчүн тил билги (адамдардын тилин тапкан — ред.) аял болуш керек. Темир чогулткандар бай болушат, катар-катар алтындарды тагынышат. А мен тапкан акчама шүгүр кылам. Күн ысыганда үйгө кетем, балам ыйлайт. Ошондуктан эрте келип, көлөкө жерди тандайм. Кээ бир учурда менден өйдө жакта карыган кемпир отуруп калат. Кетип жатканда ага садага берип өтөм», - деп сөзүн жыйынтыктады.

Шаардын жашоочулары, айдоочулар жолдун ортосуна чейин барып тилемчилик менен алектенген адамдар бир топ тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтып келишет. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4726
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×