Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.07.2018 09:26

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 4 жаштагы бала каза болду, 3 адам ооруканада

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан 4 жаштагы наристе каза болду.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, жол кырсык 10-июлда саат 16:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 222-чакырымында катталган.

Токтогул райондук ооруканасына 3 адам — Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну Б.Т., Бишкек шаарынын 2007-жылы туулган тургуну М.З., Жалал-Абад шаарынын 1958-жылы туулган тургуну С.Г. жеткирилген.

Кырсык болгон жерде алган жаракатынан улам Б.Ф. аттуу 4 жаштагы наристе каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×