Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.07.2018 17:52

Жалал-Абадда энергетиктердин кесиптик мелдешин жеңген сузактык команда «УАЗ» унаасына ээ болду (фото)

Turmush -  «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому өткөргөн райондук электр тармактар ишканаларынын кызматкерлеринин арасындагы кесиптик мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдешке жалпы 12 команда катышканын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш 8 этап боюнча өткөрүлдү. Анда трансформаторду оңдоп жатып кызматкер кокустан электр тогуна тартылып калган маалда жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү, чыккан өрттү кыска убакытта өчүрүү, жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы ажыраткычтарды орнотуу, изоляторлорун алмаштыруу, лабораториялык өлчөөлөрдү жүргүзүү жана электр орнотмолорун тейлөө жана тейлөөдө коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу боюнча сынак тапшыруу сыяктуу көнүгүүлөрдү ыкчамдык менен аткаруу белгиленген. Катышып жаткан командалардын даярдыктары, алардын кесиптик билим деңгээлин текшерүү үчүн атайын 24 калыс бекитилген. Мелдеш эки күнгө созулду.

Жыйынтыгында 1-орунга Сузак райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жетишип, «УАЗ» үлгүсүндөгү автоунааны жеңип алышты. Ал эми 2-орунду алган Жалал-Абад шаардык электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине компьютер принтери менен тапшырылды. 3-орунду Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери багындырып, алар атайын электр шаймандарына ээ болушту.

Жеңген команда үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү республикалык мелдешке катышат. Бул мелдеш аркылуу кызматкерлер тажрыйбаларын арттыруу, ыкчам аракеттерди күчөтүү жана ишке болгон жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×