Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү рейдде унаасынын терезесин караңгылатып алган бишкектик айдоочуга айып салынды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө мас абалда унаа башкарган 8 айдоочу кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган бөлүмдүн нускоочусу Рысмен Бейшен уулунун айтымында, 8-июль күнү облустун аймагында «Рулду башкаруу» рейди өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө жол кыймылынын эрежесин бузган 200дөн ашык айдоочу аныкталды. Алардын ичинен 70 айдоочу ылдамдыктын чегинен ашканы үчүн токтотулса, 12 айдоочунун тиешелүү документи жок болгон. Ошондой эле унааны мас абалда башкарган 8 айдоочу кармалган.

Рейддин жүрүшүндө унаасынын терезелерин караңгылатып алган айдоочу — Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган тургуну Ю.Ш. токтотулуп, жеринде караңгылатуучу каражаттар алынды. Ал эми айдоочуга айып салынган.

Рейддин жыйынтыгында жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салынып, унаалар айып аянтчасына токтотулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×