Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.07.2018 22:22

Айыл турмушу: Кол өнөрчү К.Токтоноева чакан цех иштетип, кыздарга сеп даярдайт (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун тургуну Карима Токтоноева абысындары менен бирге унутта калып бараткан курактарды курап, кыздарга сеп даярдайт. Элеттик кол өнөрчүнүн эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, жаш кезинде жаздыктарды тигип жүрүп чеберчиликке кызыгуусу арткан.

«Апам кол өнөрчүлүк менен алектенбегендиктен бул өнөрдү мага эч ким үйрөткөн жок. Биздин учурда кыздар турмушка чыкса себине сөзсүз тор жаздыктарды кошуп беришчү. Ошол тор жаздыктарды көрүп кызыгып, үйдө тигип көрдүм. Ошентип жүрүп бир аз тигүүчүлүктү да өздөштүрүп алдым. Андан кийин турмушка чыгып, үйдө бекер отурбастан айылдагыларга төшөк, жаздыктарды тигип берип жүрдүм. Кийинчерээк балдарыма жүн байпактарды түйүп, жемпир тигип берсем кошуналарым кызыгып, буйрутма берип баштады. Жыйынтыгында кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп алдым. Адамда кызыгуу болушу керек экен. Кызыгуу болсо жумушуңдун жемиши болот», - дейт кол өнөрчү.

Мындан сырткары каарманыбыз 5 жылдан бери абысындары менен бирге кыздардын себин даярдап, айыл элине кызмат көрсөтүп келет. Кол өнөрчү үйүнө чакан тигүү цехин да ачкан.

«Курак кураганда ар дайым изденүү болушу керек. Бир түрдүү курактарды курай берсең кардарларды качырып алышың мүмкүн. Ошондуктан конокко же тойго барсам сөзсүз жаныма калем, дептер алам. Эртеси күнү ал жактан көргөн куракты кураганга аракет жасайм. 5 жыл мурун өзүмдүн эки абысыным жана анын кыздары менен үйдө чакан тигүүчү ишкана ачып алганбыз. Ал жерде жалаң тигүү, бычуу иштери жүрөт. Негизинен төшөк, жаздык, жууркан, көшөгө жасап жана курактарды курайбыз. Мындан сырткары бешиктин жасалгаларын да даярдап жатабыз. Биздин үйдөгү чакан ишкананы айыл элинин баары билет. Алар буйрутма берип, 3-4 күн аралыгында кайра алып кетишет. Кыздын себине берилүүчү төшөктөрдү 3-4 күндө бүтүрүп беребиз», - деди чебер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×