Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Айрым тургундар Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын убактылуу кызматтан четтетүүнү суранат (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын үстүнөн арыздангандар бүгүн, 10-июлда АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курушуп, мыйзамсыз иштер үчүн кылмыш иши козголгонун билдиришти. Алар Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан кетиши керек деген пикирде.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Ахмаджон Абдурахманов жер маселеси боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктап, мыйзамсыз жерге байланыштуу өзүнүн күнөөсү жок экенин айтты.

Маалымат жыйынга келген активист Роза Маманованын пикиринде, кылмыш иш козголгону үчүн айыл өкмөт башчысы кызматынан убактылуу четтеши керек.

«Бир топ маселелер боюнча арызданганбыз. Баткен облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Бирок кызматынан четтетилген жок», - деди Роза Маманова.

Ал эми айыл өкмөт башчынын бир тууган жездеси М.Назиржанов иштетип жаткан жерин А.Абдырахманов сатып жиберген деп күнөөлөдү.

«Бизге айтпай, жерди сатып жиберди. Ал жерде мөмө-жемиштердин түрүн өстүрчү элек. Тиешелүү органдар иликтеп, чара көрүшү керек», - деди М.Назиржанов.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кызматтан четтетүү боюнча кат келбегенин билдирди.

«Бизге айыл өкмөт башчыны кызматтан четтетүү боюнча расмий кат келген жок. Укук коргоо органдарынан же соттон кат келсе четтетүүгө негиз бар. Бирок кат келген жок», - деди район акими.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджон Абдурахмановдун айтымында, кылмыш иш өзүнө эмес, фактынын негизинде козголгон.

«Менин бир тууган жездем М.Назиржанов Боз участкасынан 2 гектар 80 сотых жерди ижарага алып иштетип келген. 2015-жылы ижара мөөнөтү бүткөн. 2016-жылы айылдык кеңештин жана атайын комиссиянын чечими менен жерге муктаж адамдарга аталган жерди бөлүп бергенбиз. Жалпы 36 адамга жер берилген.

Ал эми ижарага иштетип жаткан жерди трансформациялоо боюнча токтом 2013-жылы эле чыккан. Биз анын ижара мөөнөтү бүтүшүн күттүк. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок», - деди А.Абдурахманов.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 596
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×