Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Камактагы депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага түштү

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты ЖАМКтын басма сөз кызматы тастыктаганын бүгүн, 10-июлда Tazabek маалымдады.

Азырынча эл өкүлү кандай себеп менен ооруканага түшкөнү белгисиз.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогондугу маалымдалган. Кийинчерээк ал УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган болчу.

Ал эми Бишкек шаардык соту 22-июнда О.Артыкбаевди тергөө бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган эле.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1626
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×