Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Чаткалда 22 күн мурда жоголгон бир туугандардын бири азыркыга чейин табылбай жатат

Turmush -  22-июнь күнү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Чаткал районунун Айгыр-Жол айылынын 23 жаштагы тургуну азыркыга чейин табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Айгыр-Жол айылынын 1995-жылы туулган тургуну Т.Э. «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. 25-июнь күнү Ак-Таш айылында Чаткал дарыясынын жээгинен анын документтери жана өздүк буюмдары табылган. Бүгүн, 10-июль күнү саат 9:00дө издөө иштери башталды. Издөө иштерине 4 куткаруучу жана милициядан 2 адам тартылды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 4-июлда ӨКМ 22-июнь күнү унаасы менен үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон Чаткал районунун Айгыр-Жол айылынын 25 жаштагы тургуну Э.Т. азыркыга чейин табыла электигин билдирген.

Маалыматка караганда, Э.Т. өзүнүн 21 жаштагы иниси М.Т. менен 22-июнда «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын айдап үйдөн чыгып кетишкен. 25-июнь күнү Ак-Таш айылында Чаткал дарыясынын жээгинен алардын документтери жана өздүк буюмдары табылган. 1-июлда суудан 21 жаштагы М.Т.нын жансыз денеси табылып, сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.

Чаткал дарыясына аккан 2 жигит бир туугандар болгондугун ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Кыял Рыскулов тастыктаган.

Анын маалыматына караганда, 22-июнда түнү Ала-Бука районун көздөй унаа менен бет алган бир туугандар чукул бурулуштан дарыяга кулаган. Алгач туугандары аларды өз алдынча издеп, андан соң ӨКМге кайрылышкан. Сууга чөккөн бир туугандардын улуусу — М.Т.нын сөөгү табылган. 1997-жылы туулган Т.Э., изделүүдө. Бир туугандардын улуусуна тийиштүү документтерди балык улап жүргөндөр таап алган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 535
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×