Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 09.07.2018 18:40 На русском

Фото: Бишкек—Ош жолундагы унаа кырсыктан жубайлар мерт болушту

Turmush -  Бүгүн, 9-июнда Бишкек—Ош жолунун 110-чакырымындагы унаа кырсыктан айдоочу жубайы экөө мерт кетти.

Милициянын маалыматына караганда кырсык саат 15:10 чамасында болгон. Анда Сокулук районунун Студенттер айылынын 1949-жылы туулган тургуну «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү чоң унаанын алдына кирип кеткен. Натыйжада «Субару Форестердин» айдоочусу жана 1951-жылы туулган жубайы экөө тең кырсык болгон жерден каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда айдоочу рулда келе жатып уктап кеткен болушу мүмкүн.

«Ал эми жүк ташуучу унаа 1983-жылы туулган айдоочу башкарып бараткан. Унаасы Казакстанга катталса, өзү болсо Россиянын тургуну», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×