Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Батырхандын урпагы болгон Разия апа Кытайдан Кыргызстанга 1956-жылы кайтып келген (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Дөбө айылынын 87 жаштагы тургуну Абдылдаева Разия апа Кытайда чоңоюп, Кыргызстанга 1956-жылы кайтып келген. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кытайда жашап жүргөн учурда араб тилинде билим алган.

«Мен айтылуу хан Батыркандын урпагымын. Ата-энем Кытай жергесинде турганда күтүрөгөн мал айдап, малдуу-жандуу турчубуз. Короого койлорубуз батпай, сыртка чейин чыкчу. Мал багуунун түйшүгүн жакшы билем. Кытайда араб тилинде окугам, арабча жаза алам. Бирок кыргызча сүйлөгөнүм менен жаза албайм. Араб тилинде Куран китептердин бардыгын окуп чыктым. Араб тилинде окуп билим алганым балдарым үчүн да жакшы болгон экен. Ар дайым араб тилинде Куран окуп, неберелеримди да үйрөнүп алууга чакырам. Балакатка толгондон баштап намаз окуп келем. Азыр Аллага шүгүр 90 жашка келип, бактылуу карылыкта өмүр сүрүп жатам.

Абышкам Уркасым Убайдылаев күлүк таптаган саяпкер болгон. Абышкам таптаган күлүктөр ат оюндарында байгесиз келчү эмес. Азыр атанын ал өнөрү кичүү уулум Курманбекке өтүптүр. Кичине кезинде атасы ат таптап, уулум чабандес болчу. 1956-жылы Кыргызстанга кайтып келдик. Азыр уул-кыздарымдын жашоо-шарттары жакшы. Бардыгы ар кыл кесиптин ээси. Курманбек уулум алыска чыгып жатканда же бир ишти баштардын алдында менден бата алып анан баштайт. Мен ар дайым «кудайым өзү колдосун» деп бата тилейм. Бул жашоодо бардыгын бир гана жараткан берет. Жаратканыма шүгүр кылам. Алыскы Кытай жергесинде да жашап, эми өз эли-жерибизде жашап, бактылуу карылыкта өмүр сүрүп жатам», - деди ал.

Разия апа азыр кичүү уулу, «Бай-Тур» асыл тукум чарбасынын жетекчиси, саяпкер Курманбек Убайдылаевдин колунда турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 738
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×