Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Баракелде, Бишкек 07.07.2018 14:53 На русском

Бишкектин биринчи вице-мэри менен башкармалыктын башчысы кармалды

Turmush -  Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри жана мэриядагы башкармалыктын башчысы кармалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине укук коргоо органдарындагы булактар аркылуу бүгүн, 7-июлда маалым болду.

Алардын кармалышы буга чейин борбордун 12-кичи районундагы жер тилкени мыйзамсыз берүүгө байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында болушу мүмкүн.

Кийинчерээк Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы Бишкек мэриясынан 2 адам коррупцияга байланыштуу кармалганын тастыктады. Тактап айтканда, КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин негизинде (коррупция) биринчи вице-мэр Р.М. менен Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башчысы М.У.А. кармалган.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов болсо, мэриянын жер ресурстары башкармалыгын У.Мурзаканов жетектеп келген.

Сүрөттө: Р.Макенов (солдо) жана У.Мурзаканов (оңдо)

Биринчи вице мэр жана башкармалыктын башчысы

Учурда алар ЖАМКтын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×