Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусу 06.07.2018 11:47 Жаңыланды: 07.07.2018 12:04 На русском

«Жеңеке»: 65 жаштагы кайненесин байкабай бийлеген З.Бекерова уялганынан аны кошо бийге чакырган (фото)

Turmush -  27 жаштагы Зуура Бекерова тамак-аштын түрлөрүн жасаганды жактырат жана өзүнүн билгендерин башка кыз-келиндерге үйрөтүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында 1991-жылы төрөлгөн.

«Биз жолдошум экөөбүз базардан таанышканбыз. Анда мен соода-сатык менен алектенчүмүн. Ал болсо мага күндө кардар болуп келип турчу. Кийин акырындан сүйлөшүп кеттик. Кызык жери аталарыбыз илгери чогуу иштешкен экен.

Жаӊы турмушка чыкканда айылда көпкө жүргөн жокпуз. Тойдон кийин эле шаарга келгенбиз. Бирок жылына өрүк бышкан маалда айылга барып, жардам берип турчумун. Ошол жаӊы келин болгон жылдары айылга өрүк тергени жардамга бардым. Негизи 7 жыл музыкалык билим алып, кийин да чыгармачылыкка аябай кызыгып жүрдүм. Айылда жүргөндө музыка коюп алып, жумуш жасап жүрө берчүмүн. Бир күнү жакшы музыкага берилип кетип, өзүм жалгыз бийлеп жатсам эле кайненем карап туруптур. Аябай жаман болуп, эмне деп айтарымды билбей, "Келиӊиз, бийлейбиз" дедим. Бул окуядан кийин көпкө уялып жүрдүм», - деди ал.

Зуура жеӊе жолдошунун чечкиндүү мүнөзүн жактырат.

«Жолдошумдун берген белеги — мага болгон сыйы, төккөн мээрими. Балдарыма эӊ мыкты ата. Мага ушундай гана белек жетиштүү. Белек деле үмүт кылбайм, айтканымдын баарын алып берет. Чечкиндүү жана бир сүйлөгөн адам. Ар дайым акыл-кеӊешин айтып келет. Аябай чоӊ көйгөй болсо да, ойлонуу менен бир жолун табат. Мен ошол сапатын баалайм. Бирге түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 10 жыл болду.

Келечекте ишкана ачам деген үмүт-тилектерим бар. Буюрса тамак-аш жасаганды үйрөтүүчү курс ачып, жаш улан-кыздарды даярдайм», - деди ал.

Зуура жеӊе жолдошу менен чогуу 2 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×