Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 04.07.2018 15:34 Жаңыланды: 04.07.2018 18:11 На русском

Нарындагы 18 памирлик кыргыз Ооганстанга сапар алышты

Turmush -  Нарын облусундагы 18 памирлик кыргыз Ооганстанга сапар алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунун аймагында жалпы 49 памирлик кыргыз жашап жаткан. Алардын ичинен 18 адам бүгүн, 4-июлда Бишкекке чыгышты, андан ары Ооганстанга сапар тартышат. Кетип жаткандардын арасында эки үй-бүлө жана Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар бар.

«Памирлик кыргыздар Ооганстанда калган туугандары, үй-бүлөсү менен учурашып, алар менен жолуккан соң күзүндө кайра Кыргызстанга келип, балдары окуусун улантышат. "Памирлик кыргыздар үйүнө кетет, себеби кыргыз өкмөтү аларга көңүл бурган жок" деген маалымат туура эмес. Бул памирликтер сагынычын таратыш үчүн гана кетип жатышат. 3 айлык эс алуу бүткөндөн кийин күзүндө кайра сөзсүз кайтып келишет», - деди Ж.Ибраева.

Окуя тууралуу:

Нарын облусуна 2017-жылдын 13-октябрында Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен балдарын окутуу үчүн келген этникалык кыргыздардын айрымдары нааразычылыктарын аймактык кабарчыга айтып беришкен болчу.

Нарын облусундагы памирлик кыргыздардын ичинен 5 үй-бүлө Нарын шаарына, 2 үй-бүлө Ат-Башы районуна, 2 үй-бүлө Кочкор районуна жайгашкан эле. Нарын шаарындагы памирлик Шарапат Абдыкалык кызы Кыргызстандан төрөлгөн Алмазбектин урматына мурунку президент тарабынан берилген үйдө 3 үй-бүлө тыгылып жашап жаткандыгын билдирди.

«Биздин келгенибизге бир топ ай өттү. Кудам Абдулбаиддин үйүндө келин жана уулдарым менен бирге жашап жатабыз. Кудамдын үйүндө минтип жашоо чындыгында өтө оор болуп жатат. Памирден келерде бизге үй, жер беребиз деген эле. Качан берет деп күтсөк болгон жок. Шарт түзүп берсе калат элек, шарт түзүп бере албаса кетебиз да. Кантип кудаларымдын үйүндө уул-келиндерим менен чогуу жашайм? Бул жерде иш жасай албасак, оокат кылалы десек малыбыз Памирде калса, колубузда акчабыз болбосо кекиртегибизди эмне кылабыз? Памирде менин бир балам калды. Мамлекет үй куруп, жер бөлүп берсе, биз Памирден малыбызды сатып, кайра ушул жерге тууган-уруктарыбыз менен келип жашап калат элек. Памирден келгендердин баарын бир жерге чогуу койсо отура берет элек. Биз жакшы үмүттөр менен келгенбиз. Бул жак шүгүр экен. Памирде оорусак көп кыйналабыз, аялдар төрөгөндө кыйналат. Ошондуктан биз бир кыргызбыз, тилибиз бир, бизге күйөт деп бул жерге келген элек. Бирок баарына ырахмат. Бул жакта чоңдор деле бирде ишинен бошосо, бирде бошобой калат экен. Ушул кишилерди карап турабыз. Биздин деле жөн эле кетебиз деген жерибиз жок», - деди ал.

Ал эми памирлик Жамбы Заири кызынын айтымында, бир үйдө үч үй-бүлө жашагандыктан, өкмөт берген акчаны үнөмдөп колдонушат.

«Ушул бир үйдө үч үй-бүлө болуп, жалпы 15-16 адам жашайбыз. Өкмөт бизге акча бөлүп берген. Ал акчаны үнөмдөп колдонобуз. Ар бир балага жөлөк пул чектеп беришкен. Балдарыбызды окуталык деп келген элек. Бирок жакшы шарт болбосо окутушубуз дагы кыйын экен. Келген кишилер бир аз жер-жемиш, азык-түлүк көтөрүп келишет. Ырахмат аларга дагы. Бизге эң негизгиси ар бир үй-бүлөгө бирден орто эле үй салып берсе жакшы болмок. Кийин көнүшүп кеткенден кийин, жашоону жакшы кылып улантып кетет элек. Балдарыбыз акырындык менен билим алып, окуусун улантып кетмек. Памирден келип эле үй салып алууга шартыбыз дагы, алыбыз дагы жок.

Биздин үй-бүлөгө бир үй берген. Азыр ошол үйдө баарыбыз жашап жатабыз. Ал эми башкаларга үй берилген жок. Мындай шартта көпкө кантип жашайбыз? Эгер башка бир туугандарга дагы ушундай үй салып берип койсо, баарыбыз эле кетпей, балдарыбызды окутуп жашай берет элек. Өкмөт бизге шарт түзүп беребиз деген эле. Бирок андай болгон жок», - деди Жамбы Заири кызы.

Буга чейин Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памиринен келген эки үй-бүлө Кыргызстандан кетүүгө ниеттенип жаткандыгын 28-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттеги жыйында билдирип чыккан.

«Бир нече күн мурун Кыргызстанга келген памирлик кыргыздар менен жолуктум. Алар памирликтерди жылуу кабыл алып, жардам берген Нарын облусунун тургундарына ыраазычылыктарын айтышууда. Мага түшкөн маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келген памирлик үй-бүлөлөргө жер бөлүп берүү тууралуу убада берилип, бирок ал унутулуп калган. Албетте, ал үй-бүлөлөрдү Кыргызстанга алып келген жакшы, бирок өкмөт тарабынан аларга жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Мындан улам 2 үй-бүлө кетүүгө ниеттенүүдө. Бул чоң уят», - деди ал.

Кийинчерээк Мамлекеттик миграция кызматы депутаттын билдирүүсүнө жооп кайтарган. Ведомствонун билдирүүсү боюнча, балдарын окутуу максатында келген этникалык кыргыздар Памирге жайкы эс алуу учурунда гана барышат.

Билдирүүдө: «Кыргыз өкмөтү аларды (памирлик кыргыздар) тажик-афган чек арасына чейин жеткирүү иштерин уюштурат. Бул үчүн өкмөт тарабынан тийиштүү иштер аткарылып жатат, тагыраагы Памирге барууну каалаган кыргыздардын тизмеси түзүлүп, тажик жана афган тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Этникалык кыргыздардын баары кетебиз деген жок, алардын көпчүлүгү жайкы эс алуусун Кыргызстанда өткөрүүнү көздөшөт», - деп айтылат.

Ал эми жер маселесине байланыштуу памирлик кыргыздар балдарын окутуу максатында келгенин эске алуу зарылдыгы айтылган.

2017-жылдын 13-октябрында Нарын облусуна Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен жалпы 33 адам — 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бала келген болчу.

Кош бойлуу аял Бишкек шаарынан көз жарып, мурунку президент тарабынан анын үй-бүлөсүнө үй берилген эле. Кийинчерээк 18-ноябрда бул кыргыздарды көрүү үчүн Кыргызстанга Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен 11 этникалык кыргыз учак менен учуп келишкен. Алардын айрымдары туугандары менен учурашкандан кийин кайра Памирге кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×