Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу 28.06.2018 09:05 На русском

Фото — Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда курулуш иштери кандай жүрүп жатат?

Turmush -  Транспорт жана жолдор министрлигинин адистери пресс-турдун алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун экинчи фазасында курулуш иштери кандай жүрүп жаткандыгын көрсөтүштү. Кыргыз жол транспорт долбоорунун жол инженери Кубанычбек Мамаевдин айтымында, учурда жер иштери аткарылып жатат.

«Жумуштар график менен аткарылууда. 2-фазада 59 пайыз жумуш аткарылды. 1-фазада бир тилке бүтүп, экинчи тилкеде 67-68 пайыз жумуш аткарылган», - деди ал.

2-фаза Арал айылынан Казарман айылына чейин 99,23 чакырым аралыкты, 195-чакырымдан 291-чакырымга чейинки тилкени камтыйт. 86,03 км аралыкта жаңы курулуш иштери орун алса, 13,2 км аралык реконструкциядан өтөт.

298,7 млн долларды насыяга берген Эксимбанк донор катары катышууда. Кеңешчи "Кыргызжолтранс долбоору" болсо, бөдрөтчү — China Road and Bridge Corporation. Курулуш иштери 2015-жылдын август айында башталып, аны 2021-жылдын октябрь айында бүтүрүү пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×