Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.06.2018 18:07

Жети-Өгүздө 17 жаштагы өспүрүмдү унаа сүзүп кетти

Turmush -  Бүгүн, 26-июнда саат 15:00 чамасында Жети-Өгүз районунда жол кырсыктын кесепетинен 17 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү кыйылды.

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, 17 жаштагы жөө жүргүнчү жолдон өтүп бара жатканда катуу ылдамдыктагы унаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен өспүрүм ошол жерде көз жумган.

Окуя болгон жерде жол тескөөчүлөр иштеп, жол кырсыктын бардык жагдайлары аныкталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×