Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.06.2018 22:25

Айыл турмушу: Н.Жуманова кол өнөрчүлүк менен киреше табууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 41 жаштагы тургуну Назгүл Жуманова кол өнөрчүлүк менен киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жардамчылары менен бир күндө 30 төшөк даярдайт.

«Мен Токтогул районунун Терек-Суу айылында төрөлүп өскөм. Барскоон айылына келин болуп келгем. Апам экөөбүз 20 жашымда жууркан, төшөк тигүү менен ишкерлик кылып баштаганбыз. Быйыл кол өнөрчүлүк менен алектенгениме 21 жылдын жүзү болду. Мен кичинекей кезимде апам менен курак курачумун. Апамды көрүп суктанып, мен да ушундай мыкты кол өнөрчү болууну кыялданчумун», - дейт ал.

Анын айтымында, төшөк тигүү үчүн материалдарды Бишкектен алып келет жана анын сапатына көңүл бурат.

«Ичине таза пахтаны колдонобуз. Азыр кыздардын себин толук даярдайбыз. Кыздарым жана жумушчулар болуп алтообуз эмгектенебиз. Бир күндө 30 төшөк тигип бүтөбүз. 1 төшөк — 1000 сомдон жогору бааланат. Ал эми толук бир сеп 20 миң сомдон ашат. Учурда Бишкек шаарындагы ири базарда ордубуз бар, даяр болгондорду ошол жактан сатабыз. Жолдошум товар алып, даяр болгондорду үйлөрүнө жеткирип берип турат. Башка өлкөгө да - Россияга, Казакстанга, Америкага чейин жөнөтөбүз. Бизден алып кайра ошол шаарларга саткан сатуучуларда бар. Өзүмдүн кыздарым дагы мага жардам берип турушат. Келечекте кыргыздын кол өнөрчүлүгүн өркүндөткүм келет», - деди ал.

Ал эки кыз, үч уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×