Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу 20.06.2018 09:20 Жаңыланды: 20.06.2018 09:37

Моңголиядагы кыргыздардын турмушу: «Тамашаларды» жайында өткөрүп, очокту үйдүн ортосуна коюшат (7-бөлүк)

Turmush -  Ата-бабаларынан уккан санжыраны туу тутуп, өздөрүн кыргызбыз деп сыймыктана атаган бир ууч замандаштарыбыз Моңголиянын батышындагы Баян-Өлгий аймагында (облус) күн кечирип жатышат. Эл аралык конфессиянын эрежеси жана Кыргызстан тарап менен эч кандай карым-катыш болбогонунан башка улут катары каттоого алынып, өз турмушун жөндөп алууга жетишишкен.

Учурда алар эч кандай материалдык жардам сурашпайт. Алардын бир гана каалоосу — келечек муун боло турган жаштары менен балдарынын кыргыз эли, Кыргызстан менен байланышын түптөп, улутун жүрөгүндө эле эмес документинде да сактап калуу. Бирок бул көпчүлүгү үчүн баа жеткис кыялдай. Себеби СССР тарап, жаңылануу жүрүп жатканда өз жерине көчүп жаткан казактардын шарапаты менен кыргыз бийлигине жолдогон кат жоопсуз калып, андан кийин да жардам үмүт эткен адамдардан айттырган салам дубанын жообу болбогонунан өздөрүн Кыргыз өлкөсүнө керексиз сезип калгандай... Алар үчүн чоң мааниге ээ болуп, көксөөсү жазылган кагаз кайсы бир чиновниктин иш столунда чаң баскан бойдон калгандыр...

Тили казак болсо да жүрөгү кыргыз деп соккон Моңголиядагы замандаштарыбызга байланыштуу илимий иштер менен толук кандуу алектенген бир дагы кыргыз окумуштуусу чыга электигин буга чейин дагы айтканбыз. Азырынча алар менен бетме-бет жолугуп, жүрөгүндөгү көксөөсүн өз ооздорунан угуп келген 3 гана адамды билебиз. Алардын сапары да 1 күнгө гана.

Экспедиция (Моңголияга жалпы 8 адам барган) фольклордук-диалектологиялык багытта 2016-жылдын сентябрь айында Моңголияга уюштурулуп, анын алкагында Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Манас бөлүмүнүн ага илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Мурат Садыров, Манас бөлүмүнүн илимий кызматкери Амангелди Сабыр уулу жана Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Өмүрбек Качкынбаев Баян-Өлгийге барууга мүмкүнчүлүк табышкан.
Экспедициянын Баян-Өлгийге барган мүчөлөрү
Баян-Өлгийдеги 1 күндүк сапарда өздөрүн кыргыздарбыз деп атаган замандаштарыбыз тууралуу көрүп-билүүгө жетишкен маалыматтарды Turmush басылмасына Өмүрбек Качкынбаев айтып берди.

Бая-Өлгийге 1 күндүк сапар

Бул экспедиция Тарых жана маданият жылына карата Моңголиянын борбору Улан-Баторго уюштурулган. Биз бул жактан эле Баян-Өлгийде кыргыздар бар деген маалыматтарды угуп, алар менен жолугушууга абдан кызыкдар болгонбуз. Маалыматтар абдан аз болсо дагы ал жактагы кыргыздардын аттуу-баштуусу, белгилүү хирург дарыгер, аймактык кеңештин депутаты Бейшен Булан менен байланышууга мүмкүнчүлүк таптык.

Биз үчөөбүз Улан-Батордон жолго чыгып жатканда дагы Бейшен Булан менен телефон аркылуу байланышканбыз. Бирок ал анчалык ишенбегендей болуп: «Макул келгиле, тосуп алабыз» деди. Бизди казак жигит коштоп, тилмеч да болуп жүрдү.

Улан-Батор —Ховд

Улан-Батордон Ховд (Кобдо) шаарына чейин учакта 3,5 сааттай учтук. Андан ары Баян-Өлгийге чейин унаа менен болжолдуу 6-7 саат жол жүрдүк. Ага чейинки жолдо ээн талаа, бөксө тоолор, ал эми жолу таштак экен. Баян-Өлгийге 1,5-2 чакырым калганда гана асфальт жолго түштүк.

Карта

Баян-Өлгий шаарча тибинде болуп, турак жайлар, мамлекеттик мекемелер жайгашыптыр. Бизди ал жерден Бейшен-Булан кубанып тосуп алып, биздеги кафе сыяктуу тамактануучу жайда жакындан тааныштык. Анын өзүнүн жеке клиникасы да бар экен. Ал күнү мейманканада түнөп, эртеси Бейшен Булан бизди кыргыздар жашаган айылга алып бармай болду.

Бейшен Булан

Баян-Өлгийдеги кыргыздар менен жолугушуу

Эртеси Баян-Өлгийден 35-40 чакырым алыстагы айыл деп аталган жерге бардык. Баян-Өлгийдин өзүндө негизинен мамлекеттик кызматтарда эмгектенгендер туруктуу жашап, балдар бала бакчаларга, мектептерге барышса, биз жолуккан кыргыздар айыл деп аталган аймактарда негизинен мал чарбачылык менен алектенишет экен. Айылдардагы үйлөр 100-200 метр аралыкта жайгашып, алар кышында күздөө деп аталган сарайларда отурукташса, жайкысын жайлоодо боз үйлөрдүн түндүгү жок эле ууктарынан алачык сыяктуу үй кылып, малга ылайыктап жер которуп турушат экен. Күздүктөгү сарайлары биздикиндей пайдубалдуу, кирпичтен курулган эмес, таштарды кынап курушкан. Алардын аралыгы малдын санына жараша жайгашкан. Менин түшүнгөнүм боюнча, малы көбүрөөк үй-бүлө кененирээк жерди ээлеп, коңшусунан алысыраак жайгашат окшойт. Туугандар, бир уруудагылар бир аймакта, жакыныраак отурукташыптыр.

Баян-Өлгийдин айылындагы кыргыздар менен

Баян-Өлгийдин айылындагы кыргыздар

Жайлоого кеткенде бекитип кетишкен күздүк

Күздүк

Бизди 3-4 кыргыз үй-бүлө менен жолуктурушту. Алардын баардыгы жылуу маанайда, биз сыяктуу меймандостук менен тосуп, төрүнө отургузуп жатышты. Үйдөн, талаадан жолукканынан да «казаксызбы?» деп сурасак, «кыргызмын» деп жооп берип, Талас жергеси тууралуу сурап жатышты. Биз барган үй-бүлөлөрдө жубайлар, анан жаш балдары гана бар экен. Биз кыргызча, алар казакча сүйлөп бири-бирибизди түшүнүшүп жаттык. Ал эми мектеп курагындагы балдары мектептерде экен.

Бул жердегилер негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишет. Биз барган жерден бирин-экин гана бак-дарактарды көргөнүбүз болбосо дыйканчылыкты байкаган жокпуз.

Баян-Өлгийдеги кыргыздардын жашоо турмушу

Жашоо-турмушун, социалдык абалын жалпысынан туруктуу орто деп айтсак болот. Ден соолуктары жакшы, эч нерсеге арызданышпайт. Айылдагы биз барган үйдүн бирин мисал кылып айтсак: 3 бөлмөлүү, орточо, анча бийик эмес үй. Кире бериши, ашканасы жана төркү бөлмөдөн турат. Айрым үйлөрдүн чатыры болсо, айрымдарынын чатыры жок экен. Ал аймакта шамал бат-баттан жана катуу болгондуктан чатырларга зыяны тиет окшойт.

Айылдагы үй

Үйдүн кире беришинен ат жабдыктарын, арканды көрдүк, бөлмөлөрдө кадимкидей эле аялдар өздөрү жасаган шырдак, кийиз, ала кийиз, туш кийиз, жер төшөк, жууркандар турат. Ошондой эле килем-паластарды колдонушат. Ал эми ашканасында тамак даярдашып, бизди дагы ашканада коноктошту.

Шырдакча

Ат жабдык

Андагы очок бөлмөнүн ортосунда жайгашып, кернейинде түтүндү чыгарууга ылайыкталган капкагы бар экен. Аны ачканда түтүн үйгө жайылбай, дароо тамдын чатырынан чыгат. Айылдарда электр жарыгы жок болуп, жайы-кышы тамак бышырып, суу ысытууда көң гана колдонушкандыктан ушундай кернейлерди пайланышат. Ал эми жайкысын же күн жылууда күн энергиясы менен пайдаланылган батереяларды колдонушат экен.

Ал эми Улан-Батордун борборундагы же моңголдордун боз үйүнөн Баян-Өлгийдин айылдарындагы боз үй айырмаланып турат. Тактап айтканда, моңголордун боз үйү салыштырмалуу жапыз, жыгачтары кыска, ийри болуп, аял жана эркектер тарап деп бөлүнбөйт. Баян-Өлгийдеги боз үйлөр биздикинен эч айырмасы жок экен. Сурап көрсөк уукту уук, түндүктү түндүк деп айтышты. Ошондой эле боз үйгө кире бериштеги оң жагы аялдар тарабы болуп, аялдарга тиешелүү буюмдар, сол жагында эркектерге тиешелүү буюмдар жайгаштырылган.

Мал чарбачылыгы менен алектенген калк кой, жылкы топоз, уй багышат. Биздин байкашыбызча, алар жылкыга өзгөчө маани берип, ал эми уйду бизге салыштырмалуу аз кармашат экен.

ТОпоз

ТОпоз (1)

Үй-бүлөлүк баалуулуктары, үйдө аял менен эркектин ролу жагынан бизден айырмаланышпайт деле. Айылдарда аялдар үй жумуштары, бала тарбиялоо, тамак жасоо менен алектенсе, эркектер мал багуу, чарба иштери менен алек. Ээн жана кең талааларда мал кайтарууда көпчүлүгү мотоцикл колдонушат экен.

Талаада мал кайтарып жүргөн кыргыз (оңдон экинчи), Бейшен Булан (оңдон биринчи) жана экспедиция мүчөлөрүү

Аялдары жоолук салынып, узун чачтарын өрүп алып, узун кийинип жөнөкөй жүргөнүн көрдүк. Ал эми эркектер талаа-түздө жүргөндүктөн көбүнчөсү кат-кат кийимдерди, башына тумак кийишет экен. Буттарына болсо уй жана топоздун терисинен даярдалган кайыштан тигилген бышык, жылуу, ыңгайлуу бут кийимдерди кийип жүрүшөт. Биз барган үйлөрдөн бойго жеткен кыздардын, балдарын көргөн жокпуз.

Байын-Өлгийдеги айыл

Баян-Өлгий (кийими)

Бут кийим

Биз күзүндө баргандыктан аба ырайы суук болуп, кышка даярдыктар башталганын айтышты. Алар үчүн аба ырайы ыңгайлуу болгон жай мезгили шаан-шөкөт менен өтүп, той-ашка бай келет экен. «Кийинки жолу июнь-июль айларында келсеңиздер тамашаларды көрөсүңөр», - дешти.

Тамаша – тушоо кесүү, үйлөнүү той сыяктуу тойлордун, мааракелердин жалпы аталышы экен.

Баян-Өлгийдеги айылда «Кыргыз» деп аталган дүкөн турат, бирок иштетилбейт. Жергиликтүүлөр ал дүкөндө мурда кездемелер, кийимдер сатылып турган деп айтышты.

Кыргыз дүкөнү

Ашканадагы окшоштуктар

Айылдарда бизди коноктогон үй-бүлөлөрдөн натуралдуу азык-түлүккө басым кылышары көрүнүп турду. Жалпысынан биздин ашканадан айырма жок. Тактап айтканда, сүт азыктары кеңири колдонулат.

Дасторкондо чөбөгө, сары май, каймак, суусундуктардан кымыз жана нан катары эсептешкен малдын майына бышырылган токоч коюлду. Ошондой эле этти кеңири колдонушат. Сүт азыктарын, этти өздөрү даядаса, дан эгиндери Баян-Өлгийден сатып келишет экен. Ошондой эле биздегидей эле Украина менен Россиядан чыгарылган конфет, печенье сыктуу таттууларды жешет.

Ашкана (1)

Ашкана

Бизди кожойкелердин бири беш бармак менен коноктоду. Бирок алар беш бармакты куурдак деп аташат экен. Ал эми жасалышы, даамы биздеги беш бармактан эч айырмасы жок. Жер-жемиштерди болсо дасторкондон жана алар өсө турган чарбактарды дагы көргөн жокпуз.

Куурдак (биздеги беш бармак)

Баян-Өлгийдеги кыргыздардын мүдөөсү жана кыргызстандыктарга салам дуба

Баян-Өлгийдеги кыргыздар биз менен жолугушканда, коштошуп жатканда дагы бир гана тилеги бар экенин айтышты. Алар мамлекеттик деңгээлде колдоо болуп, балдарыбыз Кыргыз Республикасы, кыргыз эли менен байланышта болсо, биздин улутубуз расмий түрдө таанылса деп кыялданышат. Улуу жузуучу Чыңгыз Атайматовдун чыгармаларын, «Манас» эпосун казак тилинде тааныган боордоштордун мындай патриоттук сезимине таңдануу менен баа берсек болот.

«Биз ата-бабабыздан уккан санжыраны балдарыбызга жеткирип, өзүбүздү өмүр бою кыргызбыз деп атайбыз. Ал эми балдарыбыз кыргыздар менен жакындан байланышта болушу зарыл», - деп белгилеген моңголиялык кыргыздар үмүт менен узатып калышты.

Ошол күнү кечинде Баян-Өлгийге барып, Бейшен Буландын жеке клиникасы менен танышкандан кийин экспедициянын Кыргыз-Нурдан кайткан экинчи тобу жайгашкан Ховд шаарына сапар алдык. Айылдагы кыргыздар менен бир күндүк жолугушууда салт-санаасы, маданияты сыяктуу маанилүү маалыматтарды топтоого физикалык жактан да мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бул жолугушуу 2016-жылдын октябрь айында болуп, алардын аманатын экспедиция мүчөлөрү бийлик өкүлдөрүнө жеткиргени менен андан бери Моңголиядагы боордоштордун мүдөөсүнө кызыккан тараптар боло элек.

Моңголиядагы кыргыздардын санжырасы

Филология илимдеринин кандидаты Мурат Садыровдун Моңголиянын Баян-Өлгий аймагындагы кыргыздар менен болгон жолугушуу тууралуу билдирүүсү (автордун стилистикасы сакталды):
Булан уулу Бейшенден, Курман уруусунун санжырасы (Улаанбаатар-2015) китебинен, интернет булактарынан алынган маалымат боюнча: Моңголияда 100 миңден ашык казактар жашашат. Алар Курман уруусуна болжол менен 3 миң жыл мурда сиңип кеткен, азыркы күндө алардын көбүн Токмамбеттен тараган кыргыздар түзөт.

Учурунда Курман аттуу казактын жалгыз кызы Акмаңдайга үйлөнүп, андан 9 балалуу болгон Токмамбет аттуу кыргыз, кайсы бир белгисиз себептерден улам азыркы Таластан жер которуп кеткен имиш.
Кытайдын Алтай тоолорунда күн өткөрүп, көчүп-конуп жүргөн кооптуу күндөрдүн биринде күзөттө турган Талас, Бөкүш деген эки уулунан башкасы түнкү каракчылардын колунан курман болуп, тирүү калган Таластын урпактары ата-бабасынын жерине кайтып, Бөкүштүн урпактары Кытайга ооп кеткендиги айтылат. Таластан тараган кыргыздар Кытайда да болушу мүмкүн. Моңголияны мекендеп турган кыргыздар XIX кылымда Кытайдан ооп келген Бөкүштүн тукумдары.

Тили дагы казакташып, өздөрү да казак деп аталып калган кыргыздар 1990-жылдары СССР кулаганда, ошол мезгилде Кыргызстандын президенти болуп турган Аскар Акаевге кат жазып, өздөрүн кыргыздар экендигин айтып, жаңы алып жаткан паспортко кыргыз деп жазылууну самашкан экен. Бирок тилекке каршы, Кыргыз Өкмөтү тарабынан эч жооп болбогондуктан, алардын улуту казак боюнча калган.
2016-жылдын 24-сентябрынан 8-октябрга чейинки мезгил аралыгында КРнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган илимий экспедиция, 840-жылы Улуу Кыргыз каганатынын даңктуу тарыхы башталган Хар Балгас аймагындагы Орхон дарыясынын жээгиндеги Ордо Балыктын урандылары калган жерде болду. Ушул күнгө чейин бир да кыргыз барып, ушуга окшогон ата-бабаларыбыздын издери калган Күлтегин, Билгекаган бабаларга арналып жазылган таш эстеликтерге урпактардын атынан жок дегенде такталарды илип койгонго жарабаптырбыз.

Илимий экспедициянын дагы бир милдети — Монголиянын Түндүк-Батышында, Орусиянын Тоолуу

Алтай өрөөнү менен чектеш жайгашкан Байан-Өлгий аймагында жашаган кыргыздар менен жолугуу эле. Бул аймактагы кыргыздар негизинен Улаангус, Сагсай, Бугат, Ногооннур жана ошондой эле аз болсо да Хобду чөлкөмүндө жашашат. Монголиядагы кыргыздардын жалпы саны кээ бир такталбаган маалыматтарга караганда, 400 түтүн же болбосо 2 000 – 3 000 адамды (мүмкүн 10 000 миңге жетет дешти) түзөт.

Бабалардын изи менен же Моңголия кайрыктары: Боз үй моңголдордун да сыймыгы (6-бөлүк)

Кыргыз тектүү хотондор жана алардын келип чыгышы. Моңголиядагы «кыргыз» энчилүү аттары (5-бөлүк)

Моңголиядагы Кыргыз-Көл — Ысык-Көлдүн «иниси» же «сиңдиси»: Бабалардын изи... (4-бөлүк)

Моңголияда унутта калган кыргыздар: Айрым салттар, маданият жана макал-лакаптары (3-бөлүк)

АКИ-TV — «Мен кыргызмын»: Моңголияда унутта калган кыргыздар (2-бөлүк, фоторепортаж)

Тили бурулуп, унутта калып баратса да кыргыз экенин белгилеген Моңголиядагы кыргыздар (1-бөлүк)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×