Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Чүй

Аялына ойнош болгону үчүн агасы жыныс мүчөсүн кесип салган. Калыс ооруканага жетпей көз жумду

Turmush -  Чүй облустук соту Москва райондук соту тарабынан 12 жылга эркиндигинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган Замирдин (ысымы өзгөртүлдү) кылмыш ишин карап чыкты. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Ал аялы менен жыныстык байланышта болгон деп шектенген аталаш тууганын сабап өлтүрүп, андан кийин жыныстык мүчөсүн кескен деп айыпталган.

Кылмыш ишке негиз болгон окуя

Окуя 2016-жылдын 15-июнунда саат 22:00 чамасында болгон. Пикир келишпестиктерге байланыштуу айыпкер Замир агасы Канат (ысымы өзгөртүлдү) менен келишим түзүп алып, жабырлануучу маркумга (Калыс) телефон аркылуу Москва районунун Беш-Терек айылынын түштүк тарабындагы жолдон жолугушууну сунуштаган. Белгиленген жерде жолугушуу болуп, аялын (Мира — ысымы өзгөртүлдү) кызганган айыпталуучу Калыстын денесине металл түтүк жана жыгач менен чапкылаган. Ага Замирдин агасы да көмөктөшкөн. Токмоктолгон Калыс жерге жыгылгандан кийин Замир жанына ала барган бычак менен анын жыныстык мүчөсүн кескен.

Экспертизанын корутундусунда маркум катуу сабалгандан кийин башы, баш мээси, ички органдары, денеси жана жыныс мүчөсү катуу жабыркап каза болгону айтылган.

Айыпталуучунун көрсөтмөсү:

Замир 2016-жылдын 20-мартында талаада жүргөн учурда апасы телефон чалып, ал ата-энесинин үйүнө барган. Ал жактан атасы Калыс келинине (айыпталуучунун аялы) СМС-кат жазып жатканын билдирген. Андан кийин өзүнүн үйүнө барып, аялына эскертүү бергенден кийин Калыска телефон чалып, андан телефон номурдан адашканы тууралуу жооп уккан.

Ал эми жазында жумуш көп болгондуктан эртеден кечке чейин талаада иштеп жүрүп, Беловодск айылына келгенде унаадан кат тапкан. Анда Калыс менен Миранын байланышы тууралуу көпчүлүк биле турганы айтылган. Мындан кийин телефон аркылуу байланышып, андан бир саат өтпөй Калыс менен талаадан кезигишкен. Ал жерде экөө кайым айтышып, Калыс чөнтөгүнөн алып чыккан бычак менен каршылашына тап берип: «Эмне кааласам ошону кылам, сенин уулуң — менин уулум», - деп, анын аялы менен байланышы болгонун айткан.

Ушул учурда айыпталуучу жакын тараптан темир түтүк таап келип, Калысты башка чапкан. Катуу жаракат алган Калысты ооруканага жеткиришип, бирок ал көп узабай көз жумган. Айыпталуучу ал жерден талаага, андан кийин үйүнө барып, эртеси кечинде милиция бөлүмүнө өзү барган.

Ал эми отурумда үй-бүлөсү ал үчүн кымбат экенин айтып, аларга көп көңүл бурбай, жумуш менен көп убакыт жүргөнүн айткан. Ал эми Калыска ишенгенин, ал анын үйүнө өзүнүн үйү сыяктуу көп келгенин кошумчалады.

Күбөнүн көрсөтмөсү:

Рахимдин (аты өзгөртүлдү, М.Р.) айтымында, каза болгон адам анын бир тууган иниси болгон. Ал эми соттолуучу аталаш тууганы.

2016-жылдын 14-июнунда саат 22:45 чамасында дарбазаны кимдир бирөө такылдаткан. Ал балдарын ким келгенин билип келүүгө жөнөткөн. Эшиктен келген кызы Замир канга боёлуп келгенин айткан. Ал сыртка чыкканда соттолуучу ачууланып, таңылган колу менен короонун ичинде турганын көргөн. Рахим соттолуучудан эмне болгонун сураганда, иниси Калысты өлгөнчө ур-токмокко алышканын билдирип, анын денесин алып кетүү керектигин эскерткен. Алгач Замирдин айткандарына ишенген эмес. Андан кийин соттолуучу анын инисин бычып салганын айткан. Рахим менен Замир кылмыш катталган жерге чогуу барышкан. Соттолуучу менен Канат эч нерсе кылбай, керек болсо ар кандай шылтоолорду айтып, телефон чалышкан эмес. Андан кийин соттолуучу өзүнүн тааныштарына чалып, Калысты өлтүргөнүн айтып берген.

«Бир убакта Канатка тууганыбыз Артык телефон чалып калды. Мен анын колунан телефонду жулуп алып, Артыкка тезирээк келүүсүн айттым. Катуу жаан жаап жаткан. Калың бадалдын арасынан Замирдин экинчи байкеси чыкты. Мен Калыс кайда экенин сурадым. Калыс менин үнүмдү угуп, өмүрүнүн акыркы секунддарында оң колу менен менин бутумду катуу кармады. Анын абалы жаман болчу. Бул учурда Замир жолдо турган. Мен ага Калысты Бишкекке алып баруу үчүн тезирээк аталаш байкем Артыкка чалуу керектигин айттым. Соттолуучу мени күч менен үйгө жеткирип койду. Өзүмдүн унаам менен кайра окуя болгон жерге бардым. Ал жерде Канат күтүп жаткан. Калысты унаага салып, Канатты ал жерге таштап кеттим. Ооруканага жеткенде Калыс каза болуп калганын айтышты», - деди ал.

Миранын көрсөтмөсү:

Соттолуучунун аялы Миранын айтымында, Калыс алардын үйүнө конокко келип турчу. Ал түнкү саат 02:00гө чейин алардын үйүндө жүрө берчү. Анын мындай кадамы жакпаганын күйөөсүнө айткан. 2015-жылы ооруканадан келе жатканда Калыска жолугуп калып, ал үйүнө жеткирүүнү сунуштаган. Бирок көпүрөнүн жанында унааны токтотуп, Мираны зордуктаган. Ошондой эле сүйүүсүн да билдирген.

«Апам бул жөнүндө билип калса да мага кат жаза берчү. Мен таежеме барып, окуя тууралуу айтып бердим. Аны токтотууга аракет кылдым, бирок оң жыйынтык чыккан жок. Кат жазып, «мени сүйөм деп айтпасаң жайыңды койбойм» деди. Мен бир да жолу Калыска кат жазган эмесмин. Ал аялы экөө мени күйөөмө айтам деп коркутуп башташты. Ал акыркы жолу келгенде күйөөм үйдө сыналгы көрүп жаткан. Ал күйөөмдүн уктап калуусун күтүп жатты. Андан кийин мага «эшикке чык, чыкпасаң аны өлтүрүп салам» деп жазды. Акыркы жолу март айында сарайда интимдик байланыш болгон», - деди Мира.

Жыйынтыгында сот Москва райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15743
Көп окулду
×