Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Чүй

Панфилов районунда тоо эчкисин мыйзамсыз аткан тургун кармалды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында мыйзамсыз мергенчилик кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Мамэкотехинспекциясынын Кара-Балта шаары, Жайыл жана Панфилов райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлоруна Чалдыбар күзөт чек ара кызматынан мыйзамсыз атылган тоо эчкиси туурасында маалымат келип түшкөн. Инспекторлордун ыкчам териштирүүсүнүн негизинде Сибирь тоо эчкиси Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын А.П. аттуу тургуну тарабынан атылгандыгы белгилүү болгон.

«Аталган жаран мыйзамсыз, эч кандай уруксат кагаздары жок аңчылык кылып, корукка алынган жаныбарга кол салган. Жеринде Мамэкотехинспекциясынын адистери тийиштүү акты, протоколдорду толтурушуп, браконьерчилик менен алектенген жарандан түшүнүк кат алышты. Бүгүнкү күндө атылган Сибирь тоо эчкиси боюнча корутунду алуу үчүн жаныбар Кара-Балта шаардык ветеринардык лабораториясына жиберилди. Ал эми мыйзамсыз аңчылык кылган жарандын мылтыгы тийиштүү укук коргоо органдарына мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Лабороториянын чыгарган корутундусунун негизинде материалдар соттун кароосуна жиберилмекчи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 750
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×