Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.06.2018 08:08

Ысык-Көлдө өткөн жылы 1 тоннадан ашык кан чогулган

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 2017-жылы донорлордон бир тоннадан ашык кан чогултулган. Бул тууралуу кан даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нуриля Темиралиева билдирди.

Н.Темиралиеванын айтымында, жалпы 2 миң 200дөн ашык адам донорлук кылып кандарын берген.

«Алардын каны көп жарандын өмүрүн сактап калууга жардам берди. Бир кишинин каны эки адамга жетет», - деди ал.

Каракол шаарында 40 ардактуу донор бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×