Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ысык-Көл

Караколдо алдыңкы көчө шыпыруучулар сыйланды (фото)

Turmush -  Каракол шаардык мэриясында бүгүн, 13-июнда алдыңкы көчө шыпыруучулар сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын март айында шаар боюнча 57 участка түзүлүп, учурда 49 көчө шыпыруучу иш алып барууда. Алардын айлык маянасы үчүн жергиликтүү бюджеттен жылына 8 млн сом бөлүнгөн.

Алдыңкы жумушчуларга шаар мэри Данияр Арпачиев ыраазычылыгын билдирип, ардак грамоталарды тапшырды. Мэр тазалыкты колго алып, ар дайым шаардын тазалыгы үчүн кам көрүүгө чакырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 375
Көп окулду
×