Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 13.06.2018 18:00

Нарында 600 үй-бүлөгө 3000 сомдук азык-түлүк таратылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жана Нарын шаарындагы 600 үй-бүлөгө Орозо айтка карата 3000 сомдук азык-түлүктөр таркатылып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 13-июнда демөөчүлөр тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жардамга муктаж болгон 100 үй-бүлөгө, Нарын шаарындагы жана шаарга жакын аймактагы 500 үй-бүлөгө 3 килограмм эт, 25 килограммдык азык-түлүктөр таратылып берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×