Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 13.06.2018 17:12 На русском

Баткенде 17 жаштагы окуучу кыз өз жанын кыйды

Turmush -  9-июнь күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 17 жаштагы А.А. аттуу кыз асынып каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, кыздын асынып каза болгондугу тууралуу маалымат Баткен облустук бириккен ооруканасынын тез жардам бөлүмүнө саат 16:30 чамасында түшкөн. Баткен ШИИБдин тергөө оперативдик тобу окуя болгон жерге барып, туугандарынын көзүнчө соттук экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында эч кандай жаракаттары жок экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча учурда Баткен ШИИБ иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Аталган кыз быйыл 10-классты аяктаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×