Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.06.2018 16:17

Караколдо «Мен донормун» аттуу кан тапшыруу акциясы өтүп жатат (фото)

Turmush -  Каракол шаарында 14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк кан тапшыруучу донорлордун күнүнө карата «Кан тапшыр, башканы ойло, жашоо менен бөлүш» акциясы өтүп жатат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы. Ага шаар тургундары, ардактуу донорлор, дарыгерлер, ыктыярчылар катышууда.

«Биз сергек жашоону даңазалашыбыз керек. Ар ким өз ден соолугуна кам көрүшү шарт. Кан ташыруу акциясын уюштурган жарандарга ырахмат», - деди өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

Иш-чарада алгач ардактуу донорлорго белектер тапшырылды. Шаарда жалпы 40 ардактуу донор бар.

«Учурда бизге көз жарганы келген энелердин 65%ы аз кандуулук менен жабыркайт. Эгер 3-даражадагы кан аздуулук болсо 1,5 литр кан керектелет. Аны кан менен гана толуктай алабыз. Ошондуктан баарыбыз ынтымактуу болсок, канга муктаж адамдардын өмүрүн сактап калабыз», - дейт Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жетекчиси Токтобай Маанаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×