Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 13.06.2018 15:25 На русском

Видео — Иштамберди кенин иштеткен компанияга нааразы болгон эл менен бийлик өкүлдөрү жолукту

Turmush -  Бүгүн, 13-июнда Ала-Бука районунун Өрүктү айыл округунда Иштамберди кенин иштеткен «Фулд Голд Майнинг» компаниясы боюнча бийлик өкүлдөрү менен Чаткал районунун тургундары жолугушууда.

Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, райондордун акимдери, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылыч Жолдошов катышууда.

Жолугушууда тургундар элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу кампаны элден алыс жерге жайгаштырууну талап кылышууда. Ошондой эле кен казгандар цианид колдонуп жатканын, ал элдин ден соолугуна зыян экенин айтышууда.

«Жолугушууда кен иштеткен компаниянын ишин кароо үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага жергиликтүүлөрдөн 30 адам кирдик. Биз ошол Иштамберди кени тарапка бара жатабыз. Калк айтып жаткан көйгөйдү адистер менен жеринде көрүп, өз пикирибизди айтабыз.

Элдин айткандарына караганда колдонуп жатышкан цианиддин зыяны азыраак дешкен менен алтынды батыраак бөлүп алуу үчүн цианидди көп өлчөмдө кошуп жиберип жатышат. Тыюу салынган дарыларды колдонушат. Биздин жумушчулар үчүн таптакыр шарт жок. Керек болсо текшерүүгө келген экологдорду киргизбейт», - деди жергиликтүү тургун Мирлан Мырзаев.

Видеонун автору Б.Станбеков

Буга чейин Иштамберди кени боюнча 300дөй тургун 12-июнда митингге чыккандыгы маалымдалган.

Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Марат Кайыпов кен казуучу компания элдин талабын аткарбай жатканын айткан.

«300дөн ашуун тургун нааразычылык акциясына чыкты. Алар Ала-Бука жана Чаткал районунун тургундары. Алар Иштамберди кенинин жетекчилиги элдин талабын аткарбаганына нааразы болууда. Себеби кен казгандар цианид колдонуп жатканын, ал элдин ден соолугуна зыян экенин бир нече жолу эскертишкен. Бир нече жолу кагаз жүзүндө кайрылууну жолдоп, бирок компания талаптарды тоготкон эмес. Тургундар элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу кампаны элден алыс жерге жайгаштырууну, компанияны жоопко тартууну талап кылышты. Учурда элдин талабы менен компаниянын иши токтотулду», - деген ал.

Иштамберди кенинде кен казуу иштери 2008-жылы башталып, ишкана толук кандуу 2016-жылдын июнь айында жумушка киришкен. Кенди кытайлык инвесторлорго таандык «Фулд Голд Майнинг» компаниясы иштетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×