Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Талас облусу, Талас 13.06.2018 14:16

Таласта көп кабаттуу үйдүн алдына суу өтүүчү лотоктор коюлуп жатат

Turmush -  Талас шаарындагы И.Сарыгулов көчөсү менен А.Огомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн алдындагы аянтка суу өтүүчү лотоктор коюлуп жатат. Бул тууралуу Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамир Курманалиев билдирди.

«Бул көп кабаттуу үйдүн аянтчасына лотоктор былтыр эле сатылып келген. Пландык иш боюнча быйылкы жылы жасалып жатат. Жалпы 3 метрлик 84 даана лоток 264 метр жерге салынат. Жалпы бул иштерге 270 миң сом кетти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×