Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ысык-Көл

Рамазанда сооп иштер эки эсе жазылат: Караколдун тургуну 100 адамга жардам берди (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Рамазан айында аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кайрымдуулук иши Ибрагим ажы атындагы мечитте өткөрүлүп, шаар боюнча аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 100 адамга азык-түлүк иретинде жардам берилди.

Ысык-Көл облусунун казысы Талант Сагындыковдун айтымында, Рамазан айында жасалган кайрымдуулук иштердин сообу эки эсе жазылат. Жардам көрсөткөн адам атын атоодон баш тарткан. Келгендер ыраазычылыктарын билдиришти.

Бүгүн дагы 400 адамга жардам берилери күтүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 430
Көп окулду
×