Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Чүй

Москва районундагы 42 жылдан бери оңдоодон өтпөгөн мектептин чатыры жаңыланууда (фото)

Turmush -  42 жылдан бери капиталдык оңдоо иштери жүрбөгөн Москва районунун Ак-Торпок айылындагы Ленин атындагы орто мектебинин чатыры толук алмаштырылып бүтөр алдында турат.

Аймактык кабарчы билдиргендей, мектеп темир шифер менен жаңыланууда. Темирлер менен демөөрчүлөр камсыз кылса, оңдоо жумуштары республикалык бюджеттен каржыланууда. Мындан сырткары өткөн окуу жылында мектеп жамааты марафон өткөрүп, 110 миң сомго 2 класстын терезе, эшиктерин желимге алмаштырышкан.

«Жамгыр жааса көз алдымдан тешик, сынык шиферлерден аккан суулар кетпейт эле. Чыдадык, чуркадык. Акыры элдин үнү угулду. Мына эми кооптонуу жок. Бардык күч билим сапатына жумшалат», - дейт мектеп директору Эркин Шаршенов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 339
Көп окулду
×