Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Кара-Сууда жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп өлтүрдү, өздүгү тактала элек (фото)

Turmush -  Кечээ, 12-июнда саат 23:40 чамасында Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Тельман айылындагы жолдо бара жаткан «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Аталган унааны 1984-жылы туулган И.Ш. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен 40-45 жаштар чамасындагы эркек киши оор жаракат алып, ооруканада каза болду. Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, азырынча маркумдун өздүгү тактала элек. Бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 591
Көп окулду
×