Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Баракелде

«Демек, биз Сапар Исаковду кайтарышыбыз керек»: Депутаттар өкмөттүн отчетуна кандай баа беришти?

Turmush -  Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти комитети 12-июнда өкмөттүн 2017-жылга карата отчетун укту. Отчетту премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө комитетте өкмөткө кандай баа берүү керектиги боюнча талаш жаралды. Белгилүү болгондой, комитеттин чечимин кабыл алуу долбоорунда өкмөттүн отчетун эске алуу сунушталган.

Бирок, депутат Курманкул Зулушев («Республика — Ата Журт») регламент боюнча комитет баа бериши керектигин — отчетту канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес деп кабыл алуу керектигин эскертти.

«Эгерде биз эс алуу катары чечим кабыл алсак анда укуктарыбыздан аша чапкан болобуз. Регламентте комитет отчетко баа бериши керек деп жазылып турат. Ошондуктан биз ага канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес деген баа беришибиз керек», - деди ал.

Ал эми депутаттар Жыргалбек Турускулов («Республика — Ата Журт») менен Иса Өмүркулов (КСДП) отчетту канааттандырарлык деп табууну сунушташты.

«Оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчетун укканда биз аларга «2» коюп, мындай чечимге өкмөт башчынын катачылыктары, мүчүлүштүктөрү себеп болгондугун айтканбыз. Ошондуктан бул саясий баа болгон деп эсептөөгө болот. Бирок бүгүнкү отчетту канааттандырарлык деп эсептесе болот», - деди Турускулов.

«Биздин фракция өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп тапкан. Анткени макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча, ИДПнын киреше бөлүгү боюнча минустар болгон эмес. Мен өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп тапса болот деп ойлойм. Биз мурдагы өкмөт башчыга берген баа — бул бардыгы калкып чыккандан кийинки саясий баа болчу», - деди Иса Өмүркулов.

Бирок Кенжебек Бокоев («Республика — Ата Журт») отчетту канааттандырарлык эмес деп кабыл алууну сунуштады.

«Отчетту канааттандырарлык эмес деп кабыл алышыбыз керек. Негизи мурунку премьерге «канааттандырарлык эмес» деген баа берилген. Эгерде биз азыр отчетту канааттандырарлык деп тапсак, анда Сапар Исаков өзүнүн маселесин кайрадан карап чыгыш керек деп ойлонуп баштайт. Аз убакыттагы жумуш отчеттук жыл үчүн жакшы деп табылып, отчет канааттандырарлык деп кабыл алынса, мага анда туура эмес баа берилген деп ойлонот. Ошондуктан тартип-ырааттуулукту камсыз кылып, «канааттандырарлык эмес» деген баа беришибиз керек. Биз азыр бааны жаңы премьер жана өкмөттүн курамы үчүн берип жаткан жокпуз деп эскертип кетет элем», - деди ал.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен») Кумтөр боюнча келишимге парламенттин макулдугусуз кол койгондугу С.Исаковго берилген баанын негизги себеби болгондугун белгиледи.

«Бул келишимге чейин талаа иштери, объектилерди куруудагы салымдар боюнча маселелер акылдашылып, андан кийин Кумтөргө жеткенде, ал Жогорку Кеңеш компетенттүү эмес экенин, ошондуктан кайрылган эместигин айтты. Бул саясий, укуктук жана адеп-ахлактык жагынан чоң жаңылыштык болгон», - деди ал.

Ошондой эле депутат: «Эгерде биз отчетту канааттандырарлык деп кабыл алсак, бул премьерге карата кийин зыяны тие тургандай кызмат көрсөткөн болобуз. Эгерде биз мындай чечим кабыл алсак, демек биз Сапар Исаковду кайтарышыбыз керек болот. Анда биз эмне үчүн ага ишенбөөчүлүк көрсөттүк? Эртең эл Сапар Исаков жакшы иштеп жатса, аны эмнеге алып салдыңар, кызматы керек болдубу деп сурашат. Эң туура чечим катары — отчетту эске алуу катары кабыл алуу», - деди.

Депутат Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») отчетту канааттандырарлык эмес деп кабыл алуу чечими өкмөткө кандай таасир этерине кызыкты.

«Эгерде отчет кабыл алынбаса, алар отставкага кетүүгө аргасыз болушабы? Оппозициялык фракциялар отчетту угуп жатышканда бир гана ЖЭБ боюнча эмес, экономикалык көрсөткүчтөр жана тышкы карыз боюнча сын-пикирлерди айтышкан. Азыр кызыктай абал болуп жатат. Мен отчетту канааттандырарлык деп кабыл алууга добуш бербейм, бирок жаңы өкмөттүн ишине канааттандырарлык эмес деген баа берүү дагы туура эмес. Ыңгайлуу формадагы чечим кабыл алуу керек», - деди депутат.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков (СДПК) регламентте комитет милдеттүү түрдө отчетко баа бериши керек деген норма жок экенин айтты.

«Буга чейин отчетту Жогорку Кеңештин 8 комитети карады, 4 комитет эске алуу катары кабыл алышты, ал эми 4 комитет аны канааттандырарлык деп кабыл алды. Менимче, комитеттин кабыл алуу долбоорунда бардыгы туура жазылган», - деди ал.

Жыйынтыгында комитет өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иштери боюнча отчетту эске алуу катары кабыл алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2785
Көп окулду
×