Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-июнь
Жалал-Абад

Митингге чыккан эл Иштамберди кенин иштеткен компаниянын ишин токтотту (видео)

Turmush -  Бүгүн, 12-июнда Чаткал районунун тургундары алтын кен казуучу компаниянын ишине нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Маалым болгондой, Чаткалдын Кызыл-Той, Терек-Сай айылынын тургундары Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагындагы Иштамберди кенин иштеткен «Фулд Голд Майнинг» фирмасына нааразы болушууда. Жергиликтүүлөр аталган фирма кен казууда талаптарды сактабай жатышканын айтышып, өкмөттөн экологиялык зыяндарды текшерүүнү талап кылууда.

Нааразычылык митинг өтүп жатканын Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы да тастыктады.

«Эл экологиялык зыяндарды текшерүүнү талап кылып, митингге чыгышты. Окуя болгон жерге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, район акими жана укук коргоо органдарынын тийиштүү жетекчилери барышып, калкка түшүндүрүү ишин жүргүзүп жатышат. Коомдук коопсуздук көзөмөлдө. Жергиликтүүлөр тарабынан эч кандай мыйзам бузуучулук катталган жок», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Митингге чыккан Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Марат Кайыпов кен казуучу компания элдин талабын аткарбай жатканын айтты.

«Бүгүн 300дөн ашуун тургун нааразычылык акциясына чыкты. Алар Ала-Бука жана Чаткал районунун тургундары. Алар Иштамберди кенинин жетекчилиги элдин талабын аткарбаганына нааразы болууда. Себеби кен казгандар цианид колдонуп жатканын, ал элдин ден соолугуна зыян экенин бир нече жолу эскертишкен. Бир нече жолу кагаз жүзүндө кайрылууну жолдоп, бирок компания талаптарды тоготкон эмес. Тургундар элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу кампаны элден алыс жерге жайгаштырууну, компанияны жоопко тартууну талап кылышты. Учурда элдин талабы менен компаниянын иши токтотулду», - деди ал.

Нааразычылыкка чыккандар менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров жолугушту.

Учурда элдин талабы менен Иштамберди кенинде иш убактылуу токтотулду.

Иштамберди кенинде кен казуу иштери 2008-жылы башталып, ишкана толук кандуу 2016-жылдын июнь айында жумушка киришкен. Кенди кытайлык инвесторлорго таандык «Фулд Голд Майнинг» компаниясы иштетет.

Видеонун автору Бекжан Станбеков

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3617
Көп окулду
×