Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Сузактык уста жасаган эмгектерин 300 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Сузак районунун тургуну Ынакбек Ромашевдин темирден жасаган эмгектерине суроо-талап күч алууда. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, ал темирден ар кандай тиричилик буюмдарды жасоочу ишкана ачууну пландап жатат.

«Темир устачылык менен алектенгениме 5 жылдан ашык убакыт болду. Мектепте окуп жүргөн учурда кошунабыз үйүндө темир ширетүүчү аппарат иштетчү. Мен да үйдө бош болуп калганда үйрөндүм. Мектепти аяктагандан кийин турмуш шартка байланыштуу жогорку окуу жайда окубай калсам дагы, өзүм үйрөнгөн өнөрдү алып кеттим. Азыркы учурда темирден боз үйлөрдү, селкинчектерди, отургуч, дарбаза, тиричилик буюмдарын жана азем белектерди жасайм.

Бир буюмду жасоого көп деле убакыт кетпейт. Чын дилиң менен жумушка киришсең, анын кыйынчылыгын деле унутуп каласың. Биз жасаган буюмдарды кардарлар алыскы Өзгөн жана Ала-Бука райондоруна чейин алып кетишет. Темирден жасалган буюмдарды 10 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатам», - деди ал.

Ы.Ромашев белгилегендей, учурда анын 10го жакын шакирти бар.

«Айылда мен тарбиялаган балдар болуп атайын команда түзгөнбүз. Буйрутма түшсө баарыбыз жапа тырмак иш кылып, кардардын буйрутмасын бат бүтүрүп берүүгө аракет кылабыз. Учурда ар бир үйдө темирден жасалган боз үйлөр болуп калбадыбы. Биз темир боз үйлөрдү да жасайбыз. 5 баштуу боз үйдү 18-19 миң сомго жасап, орнотуп жатабыз.

Шериктерим дарбазаны жасашса, аны жасалгалоо менин милдетим. Ошол себептүү команда менен бирге тез жана сапаттуу иш кылганга аракет кылабыз. Айылдагы көп жаш балдар үйрөнөлү деп келишет, бирок анын 80 пайызы чыдай албай кетип калышат. Азыр 10 бала иштеп жатабыз. Учурда күн жылып, курулуш иштери күч болгондуктан, бизде да буйрутмалар көп болууда», - деди уста.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1688
Көп окулду
×