Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусу 12.06.2018 17:55 На русском

Фото — Нарындагы журт башкарган айымдар

Turmush -  Нарын облусунда учурда 37 айым жетекчилик кызматта иштейт. Аймактык кабарчы алардын сүрөттөрүн топтоду.

Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы жетекчи айымдар:

1. Ибраева Жаркын Бейшенбаевна — КРдин өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары. Билими жогорку, 43 жашта. Жашоодогу позициясы: Ак ниет кызмат кылуу.

1.Н Жаркын Ибраева

2. Эсенаманова Салтанат Кадыровна — Нарын шаарынын вице-мэри, билими жогорку. Үй-бүлөлүү, бир баланын энеси. Жаш курагы 62 жашта. Жашоодогу позициясы: Чындык үчүн күрөшүү, мезгил агымы менен алга жылуу.

2Н Салтанат Эсенаманова

3. Ибраимова Гүлсада Идирисовна — КРдин өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын облусу боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысы. Билим жогорку, жаш курагы 50 жашта.

Үй-бүлөлүү 3 баланын энеси. Жашоодогу позициясы: Элге ак ниет кызмат кылуу, тармакты өнүктүрүүгө өз салымын кошуу.

3Н Гүлсада Ибраимова

4. Сырдыбаева Сияпат Саадабаевна — Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы. Билими жогорку. Жашоодогу позициясы: Жашоодо татыктуу өмүр сүрүү, эл-жерине ак дилинен кызмат кылуу. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын энеси.

4Н Сияпат Сырдыбаева

5. Исабекова Токтобүбү Аалиевна — Нарын шаардык Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепкананын директору. 1954-жылы 5-февралда Нарын шаарында туулган. Бул кызматта 2006-жылдан бери иштейт. Билими жогорку, үй-бүлөлүү, 1 баласы жана эки небереси бар. Жашоодогу позициясы: Тартиптүүлүк жана жоопкерчилик.

5Н Токтобүбү Исабекова

6. Токторбаева Замира Базарбаевна — Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын жетекчиси. 1953-жылы Нарын шаарында туулган, билими жогорку. Бул кызматта 2004-жылдын март айынан бери иштейт. Үй-бүлөлүү бир кыз, бир уулдун энеси. Жашоодогу позициясы: Дүйнөнү китеп менен ачалы!

6Н Замира Токторбаева

7. Калманбетова Анара Кыдыковна — 1963-жылы Нарын шаарында туулган. 2010-жылдан баштап ушул күнгө чейин Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун биринчи орун басары болуп эмгектенип келет. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын энеси. Урааны: Дени сак улут — күчтүү мамлекет!

7.Н Анара Калманбетова

8. Өмүралиева Дамира Кемеловна — С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору. 1966-жылы 10-мартта Ак-Талаа районуна караштуу Коңорчок айылында туулган. Билими жогорку. 1987-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун экономика факультетин бүтүргөн. 2014-жылдан тарта жетекчилик кызматта. Үй-бүлөлүү, 1 баланын энеси. Жашоодогу урааны: Бүгүн жасай турган ишти эртеңкиге калтырба!

8Н Дамира Өмүралиева

9. Жумаева Роза Ражаевна — Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары. 1961-жылы 9-мартта туулган. Билими жогорку, кесиби политолог. Бул кызматка чейин Кочкор районунун акиминин орун басары болуп иштеген. Нарын облусундагы «Шанхай» телеканалын түптөгөн. 2005-жылдан бери аталган кызматта иштейт.

Жашоодогу позициясы: Эч кимге жамандык каалаба. Алдыга умтул жана ак эмгек кыл.

76fccb7f37968c7d5061e4ab690f2ca8

10. Сабитова Анара Сагындыковна — Нарын мамлекеттик Какен Мамбеталиева атындагы этнографиялык тарых музейинин директору. 1964-жылдын 16-мартында Фрунзе шаарында туулган, билими жогорку. Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун энеси. Жашоодогу позициясы: Талыкпай эмгектен, эмгектин үзүрүн көрөсүң.

IMG_20180612_172648

Коркор районундагы жетекчи айымдар:

1. Биялиева Бегайым Сыдыкжановна — «Кочкор-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору. 1953-жылы 25-январда Москва районунун Чоң-Арык айылында туулган. Билими жогорку, кесиби экономист. Бир уул, эки кыздын энеси. Жашоодогу девизи: Тазалык — ийгиликтин ачкычы, бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.

1К Бегайым Биялиева

2. Исмаилова Роза Ирсалиевна — Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн башчысы. 1958-жылы 10-сентябрда Кочкор районундагы Ара-Көл айылында туулган. Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун энеси. Девизи: Ар дайым алдыга умтулуу.

2К Роза Исмалиева

3. Орозбакова Бактыгүл Ормуковна — Кочкор райондук мамлекеттик санэпидемиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы. Жогорку категориядагы дарыгер. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1980-жылы бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, 3 баласы жана 10 небереси бар.
Девиси: Эл үчүн ак эмгек өтөө.

3К Бактыгул Орозбакова

4. Садыкова Элмира Аманатовна — Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары. 1966-жылы 15-февралда Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 неберенин энеси. Жашоодогу девизи: Канчалык көп берсең, ошончолук аласың, адамгерчилик жана жөнөкөйлүк.

руководительницы нарына

5. Сатындиева Төркүнгүл Мамбетжусуповна — Кочкор районундагы тарых жана край таануу музейинин директору. 1955-жылы 14-декабрда Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайыңды айылында туулган. 1979-жылы Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика, математика бөлүмүн аяктаган. Үй-бүлөлүү, 5 баласы жана 10 небереси бар. Девизи: Туруктуулук, чечкиндүүлүк, жаңычылдык.

5К Төркүнгүл Сатындиева

6. Дүйшөева Замира Дүйшеевна — Кочкор райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы. 1956-жылы 23-ноябрда Кочкор айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1979-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктаган. Үй-бүлөлүк абалы: 3 кыздын энеси. Девизи: Чечкиндүүлүк жана чынчылдык.

6К Замира Дүйшеева

Ак-Талаа районундагы жетекчи айымдар:

1. Карагулова Кенжегүл Турганалиевна — Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары. 1974-жылы 20-апрелде туулган. Орун басарлык кызматка 2018-жылдын 4-апрель күнү келген. Жашоодогу позициясы: Жумушка дагы, жашоого дагы жоопкерчиликтүү мамиле жасоо. Ишеним, ынтымак жана элге ак ниеттүүлүк менен кызмат кылуу.

1А К.Карагулова

2. Таштанкулова Анаркан Жээнчороевна — Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын жетекчиси. 1957-жылы 30-июль күнү туулган. 1985-жылдан бери жетекчилик кызматта иштеп келет. Позициясы: Биримдик, милдетти так аткаруу жана чынчылдык.

2А А.Таштанкулова

3. Үчүгөнова Гүлмайрам Асановна — Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын башчысы. 1969-жылы 11-июнда туулган. 49 жашта. Турмуштук позициясы: Акыркы мүнөттөргө чейин багынбайм. Жашоодогу урааны: Убакытка уттурба! 2016-жылдын 10-июнь күнү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы колдоосу менен айыл өкмөт башчылыкка шайланган.

3А Гулмайрам Учугонова

4. Муканова Марипа Мукановна — Ак-Талаа райондук маданият бөлүмүнүн башчысы. 1957-жылы 8-февралда туулган. Маданият бөлүмүнүн башчысы болуп 2000-жылдан бери иштеп келүүдө. 18 жылдан бери жетекчи болуп иштейт.

4А М.Муканова

5. Алымбекова Элмира Турганалиевна — Ак-Талаа районундагы Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейдин директору. 1965-жылы 6-июнь күнү туулган. Директорлук кызматта 2011-жылдан бери иштеп келет. Позициясы: Тактык, бүгүн бүтө турчу ишти эртеңкиге калтырба.

5А Э.Алымбекова

6. Капарова Айгүл Капаровна — Ак-Талаа райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери. 1958-жылы 27-апрель күнү туулган. Шылтоону азайтып, аракетти көп кылсаң ийгиликке жетесиң деген позициясын карманып иштейт. Жетекчи дипломат болуусу керек жана ар бир кызматкердин мүнөзүнө жараша мамиле жасоо ишти илгерилетет дейт.

6А А.Капарова

7. Мамытова Мария Бактыгуловна — «Кыргыз почтасы» ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын жетекчиси. 1956-жылы 10-ноябрда туулган. 2016-жылдан тарта филиалдын жетекчиси.

7А М.Мамытова

8. Жусупбекова Фарида Төлөбековна — Ак-Талаа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы. 1984-жылы 31-майда Тоголок Молдо айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын энеси. Бул кызматта 2016-жылдан бери иштеп келет.

Жашоодогу урааны: Ар дайым алга! Ынтымак, биримдик менен алдыга карай умтулуу.

8 А Фарида Жусупбекова

Ат-Башы районундагы жетекчи айымдар:

1. Дүйшеналиева Ажаркүл Абдыкадыровна — Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары. Билими, жогорку. Жаш курагы 48 жашта

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын энеси. Девизи: Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу!

1АТ Ажаркүл Дюшеналиева

2. Базарова Асылбүбү Самыйкановна — «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ат-Башы райондук филиалынын жетекчиси. Билими орто, 59 жашта. Үй-бүлөлүү, 4 уул, 1 кыздын энеси. Девизи: Бүгүнкү таза коом — эртеңки таза жашоо!

2АТ Асылбүбү Базарбаева

3. Токтобекова Жийдегүл — Ат-Башы райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору. Билими жогорку, 61 жашта. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын энеси. Девизи: Ар дайым алдыга умтулуу адамды алдыга жетелейт.

3АТ Жийдегүл Токтобекова

4. Нууева Жумагүл Сапарбековна — Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн башчысы.
Билими жогорку, 54 жашта. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын энеси. Девизи: Маданият өнүксө, мамлекет өнүгөт!

4АТ Жумагүл Нууева_1528696732951

Жумгал районундагы жетекчи айымдар:

1. Исакова Гүлбарчын Бейманжанова — 1964-жылы 29-апрелде туулган. Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары. Бул кызматка 2015-жылы 12-мартта келген. Жашоодогу позициясы: Элге ак эмгек менен кызмат кылуу. Адилеттүү, жоопкерчиликтүү, адамкерчиликтүү болуу. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын энеси.

1 Жумг. Гүлбарчын Исакова

2. Аида Бектурганова — Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы. 1968-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Бирлик айылында туулган. Бул кызматка 2017-жылы 13-ноябрда дайындалган. Жашоодогу позициясы: Үй-бүлөлүү, 4 баланын энеси.

2 Жумг. Аида Бектурганова

3. Зинабүбү Мадиева — Жумгал райондук мамлекеттик архивинин башчысы. 1956-жылы 18-июлда Чаек айылында туулган. Буга чейин Жумгал райондук жарандык абалдын актыларын каттоонун башчысы болуп эмгектенген. Билими жогорку, КМУнун чет тилдер факультетин аяктап, англис тили боюнча мугалим, котормочу кесибин алып чыккан. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 6 неберенин чоң энеси.

3 Жумг. Зинабүбү Мадиева

4. Мамбетова Эльмира Кубанычбековна — 1968-жылы Көк-Ой айылында туулган. Буга чейин банк тармагында 29 жыл эмгектенип, анын 13 жылында директорлук кызматты аркалаган. 2016-жылдын 29-январынан тарта Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенет. Жашодогу позициясы: Ак эмгек менен алдыга умтул. Үй-бүлөлүү, 1 баланын энеси.

4 Жумг. Элмира Мамбетова

5. Эрмекова Светлана Мамбеткалиевна — Мамлекеттик статистика комитетинин Жумгал району боюнча жетекчиси, 58 жашта. Билими жогорку. Акыркы 8 жылдан бери жетекчилик кызматта иштейт. Жашоодогу позициясы: Алга умтулуу, Кыргызстанга ак ниеттүүлүк менен кызмат кылуу. Үй-бүлөлүү, 4 баланын энеси.

5 Жумг. Светлана Эрмекова

6. Мамытова Махтым Ажымүдүнова — 1974-жылы 24-сентябрда туулган. Жергиликтүү банктын Жумгал районундагы филиалынын директору. 2007-жылдан бери банк тармагында иштеп, 2015-жылы директор кызматына келген. Жашоодогу позициясы: Жашоодогу кыйынчылыктардан сабак алып, коркпостон жаркын келечекке кадам таштоо. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын энеси.

7 Жумг. Махтым Мамытова

7. Абдыкеримова Аида Асанбековна — Жумгал райондук К.Акиев атындагы музыкалык театрынын директору, 1973-жылдын 11-февралында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын энеси.
Урааны: Элдин маданияттуулугун көтөрүү менен мээнеткеч жашоо.

8 Жумг. Аида Абдыкеримова

8. Курманбаева Рыскан Анарбековна — Жумгал райондук жарандардын актыларын аныктоо бөлүмүнүн башчысы. 1960-жылы 28-июнда Ош шаарында туулган. Бул кызматка 2018-жылы 16-апрелде дайындалган. Мамлекеттик кызматта 1978-жылдан тарта иштеп, жетекчинин орун басарлары кызматтарын аркалаган. Буга чейин Талас облусунун Кара-Бура райондук ЖААКтын башчы болуп эмгектенип келген. Үй-бүлөлүк абалы: 3 уулдун энеси. Жашоодогу позициясы: Мамлекеттик кызматта элди иш кагаз менен камсыздоо.

7465ce43d98eebb496ba6ab1a16f6dea

9. Өмүралиева Фатима Арманбековна – Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы. Бул кызматка 2017-жылы 1-мартта дайындалган. Ал 1962-жылдын 12-июнунда Чаек айылында туулган. Билими жогорку, кесиби боюнча филолог. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси. Жашоого көз карашы: Элдин билим деңгээлин жогорулатуу, ак эмгек кылуу.

20170605_094722

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×