Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.06.2018 16:10 На русском

Бишкекте бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү тамакка ууланды

Turmush -  Бишкек шаарында тамакка ууланып, ооруканага түшкөн бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү үйүнө чыгарылды. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бүгүн, 12-июнда билдиргендей, аталган үй-бүлөдөгү эки адам ууланган эмес.

Бейтаптардын айтымында, үй ээси кечки тамакка лагман жана помидор менен бадыраңдан салат жасаган. Лагмандын камырын базардагы таанышынан сатып алган. Сатуучунун тиешелүү сертификаты, медициналык китепчеси жана камырды сактоочу муздаткыч болгон эмес. Камыр санитардык эрежелер сакталбастан, бир жолу колдонулуучу баштыктарга салынган.

«Уулангандар жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Алар дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсыз болуп жатканын айтышып, кайрылышкан болчу», - деп айтылат аталган борбордун маалыматында.

Бейтаптар медициналык жардам алып, дарылангандан кийин үйүнө чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×