Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.06.2018 22:12

Караколдо көп кабаттуу үйлөрдүн алдына жарыктандыргычтар орнотулууда

Turmush -  Каракол шаарында көп кабаттуу үйлөр жайгашкан Восход, Кашка-Суу, Геология кичи райондоруна жана Ж.Абдрахманов көчөсүнө түнкү жарыктандыргычтар орнотулууда. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 124 жарыктандыргычтар орнотулат.

«Мамылардын бийиктиги 9 метрди түзөт. Ар биринде электр энергиясын үнөмдөгөн 2 лампа бар. Жалпы 248 лампа орнотулат. Аларга 5 жылдык мөөнөткө кепилдик берилет. Ар бир жарыктандыргыч 4800 сомдон орнотулуп жатат», - дейт ишкананын экономисти А.Абдыкеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×