Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Жылкынын сүтү менен кымыз кайсы ооруларга даба? (фото)

Turmush -  Д.Менделеевдин он бештен ашуун элементин өзүнө камтыган бээнин сүтү жана анын ден соолукка баалуулугу тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Кайыпбек Кадыралиев аймактык кабарчыга айтып берди.

К.Кадыралиевдин айтымында, адам 4 жаштан өткөндө бөлөк сүткө өтөт, ошол кезде ага жылкынын сүтү аябай пайдалуу. Малдын саамалы кургак учукка, кан аздуулукка, ал эми бээнин сүтү менен саамал ашказандын жарасына, сасык тумоого, боор ооруларына миңдин бири.

«Биринчиден бээнин сүтүндө калий, натрий, кальций жана башка он бештен ашуун элемент бар. Муну академик М.Миррахимов экөөбүз атайын Казакстанга барып, бээнин сүтүн лабораториядан өткөрүп, илимий иш жазганбыз. Адамдан кийин эле эң акылдуу жылкы, анткени алар чөптүн дарысын тандап жейт. Адамды инфаркка алып келүүчү — бул атеросклероз. Мында кан тамырларды жаман май басып калат. Жылкынын сүтүндө бул көрүнүштүн алдын алуучу заттар көп. Ал эми кымызда гамма-глобулин дагы бар, ал иммундук системаны күчөтөт. Саамалды 1 күндө 2 литрге чейин ичүү керек, шорпого кымызды кошуп ичсе иммундук системаны жакшы көтөрөт. Кока-Коладай кылып завод уюштуруп, кымыз чыгарса эң жакшы болмок», - деди ал.

Нарын облусунда жүрөк-кан тамыр оорулары абдан көп. Ал эми бөйрөк иштебей калганда саамал менен сүттү ичсе болгон уунун баарын заара менен кууп чыгат.

«Нарын облусунда 260 миң киши бар, алардын 200 миңин жеке өзүм көрдүм. Көбү жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркайт экен. Биринчиден тамактануунун маданиятын сакташ керек, көрүнгөн нерсенин баарын жегендиктен ушундай оорулар чыгып жатат. Адам өзүнүн жашына, кыймылына жараша тамактануусу керек. Элдин баарынын тамактануусу туура болсо 100-120 жашка чейин жетиши мүмкүн. Балдарга таттуулардын баарын бербеш керек, алардын зыяндан башка пайдасы жок, тиштеринин баарын сындырып, кара кылат. Биринчиден таттууну жоготуу керек. Кичинекейинде толуп кетсе, балекет оорунун баары пайда болот.

Адам 40 жаштан өткөндө кымыз ичип жүрүүсү керек, себеби адам улгайган сайын кальцийдин баары организмден жоголот да, сөөк кагаздай болуп калат. Ден соолук мыкты болуш үчүн кыймыл көп болуш керек. Ошондой эле жаман көнүмүш адаттардан, чылым тартуу, арак ичүү, стресстен алыс болуу зарыл», - деди ал.

Кайыпбек Кадыралиев 1989-жылы медицина илимдеринин кандидаты болгон жана Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7672
Көп окулду
×