Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ысык-Көл

Караколдо автобазанын унаа оңдоочу жайынын жаңы чатырын шамал учуруп кетти

Turmush -  Каракол шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазанын автоунаа оңдогон жайынын чатырын шамал учуруп кетип, кайра оңдоого муктаж болууда. Бул тууралуу аталган базанын жетекчиси М.Алиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айдоочулар чатырды 451 миң сомго алмаштырышкан. Бирок, 28-майда катуу шамал болуп, аны учуруп кеткен.

«Унааларды дайыма ондоп турууга бул жайдын мааниси чоң. Учурда чатыры жок болгондуктан жамгыр жааса унаа ондогон чуңкурларга суу толуп калат.

Чатыр жакында эле жабылган. Аны 8 ай аралыгында айдоочулар улам акча чогултуп отуруп жаап бүткөнбүз. Шамал учуруп, көбү талкаланып калды. Кайра каражат топтоп баштадык», - дейт ал.

Маалым болгондой, шамал чатырдын 624 чарчы метрин учуруп, Ж.Асаналиев көчөсүнүн №185 үйүнүн короосуна түшкөн. Жарандык комиссия жеринде абал менен таанышып чыгышты. Анын курамына вице-мэр А.Каниметов, архитектуранын, гидрометтин, ӨКМдин өкүлдөрү кирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 559
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×