Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Кызыл-Кыянын 47 жаштагы тургуну мал уурулукка шектелип кармалды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын 47 жаштагы тургуну Э.А. уурулук кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылынын тургуну май айында 3 жана 2 асый болгон 2 баш букасын белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген. Анын кесепетинен жабырлануучуга 120 миң сомдук зыян келтирилген. Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБ тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Э.А. кармалды.

Ал өзүнүн оор жүк ташуучу унаасына керектүү тетиктерди алыш үчүн акча керек болгондуктан букаларды уурдап, Баткен районундагы «Раут-Кавут» мал базарында белгисиз жаранга 118 миң сомго сатканын мойнуна алган. Азыркы учурда бул факты боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иш козголуп, кармалган адам камакка алынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 599
Көп окулду
×